Ишемби, 20.04.2024, 05:51 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Зайырбек АЖЫМАТОВ
Зайырбек АЖЫМАТОВ
16:03

                  Падыша эл


Көтөр башты улутташым, кандашым
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын
Ар бир кыргыз аманаты Манастын
Хан тукуму кулга айланып калбасын

Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен

Күң кылбасын келген-кеткен коногу
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору
А жигиттер, мырзасыңар ар бириң
Тексиз,нарксыз кул жүрүштү коелу

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир, тарыхтарга турмушка
Бүтүндөй бир тилиң эмес улуу журт
Бир да сөзүң унтулбасын кыргызча

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз
А тоолоруң теңир берген алтын так.

 

                   Улутбуз биз!

Түндүк-түштүк сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң
.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн
,
Биримдигин элиңдин экчебегин
.

Бир бүтүнгө айлансак улутбуз биз
,
Бирикбесек улутту куруттук биз
.
Кыр-кырлардан топтолгон жыйын эмес
,
Кыргыз деген улутбуз, улутбуз биз
!

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү
,
Өлтүрбөгүн өзүңдү өз элиңди
.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан
,
Артыгыраак сүй журтту, мекениңди
!

Өксүбөсүн бир бооруң, жатындашың
,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын
.
Кыргызстандын жеринде сакта кудай
,
Кыргыз каны эч качан чачылбасын
.

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун
,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун
.
Кокту-колот, сай-сайга бөлүнбөгөн
,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун
!

Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 2687 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/8 |
Жалпы билдирүүлөр: 3
0  
3 мырзырайым   (21.10.2011 21:41) [Материал]
азаматсын зайырбек,талантын оркундой берсин,Аган

0  
2 aisalkyn   (31.05.2011 19:54) [Материал]
Азаматсын Зайырбек,ийгиликтер коштосун!

0  
1 нурила   (14.03.2011 18:24) [Материал]
"Мелмил" деген ырынызды таппай журом

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр