Шаршемби, 24.04.2024, 20:09 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Рыспай ИСАКОВ
Рыспай ИСАКОВ
16:07

            Айыл музыкасы

Илгерки-и бир зикир чалган шамандай,
Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.
Эрте менен азан айтып жаткандай,
Эшектери обон созот заңкылдап.

Койлор ырдап коңур үндүү хор менен,
Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.
Аргымагы солист сымал кишенеп,
Актриса болот эчки шайтандай.

Таранчылар конгон токтун зымына,
Ноталардай сызыктарга тизилген,
Чаташтырбай дирижёрдой башкарат,
Чабалекей – дирижёрдой кийинген.

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,
Ойгонушуп, ишке кетет аталар.
Арабасын айдап бара жатканда,
Оркестрдей чак-чук этет такалар.

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,
Шыңгыр-р! этип обон коштой чакалар.
Бейгам жат деп, бешик болуп терметип,
Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар…


         
Балалыктын аманаты

… Түйшөлткөн ойлор анда ыраак болчу,
Түшүмө жылан дайым ынак болчу.
Анан мен ал түшүмдү айтып берсем:
«Жылан – бул, байлык болот!» – деп чоң энем,
Жылмайы-ып маңдайымдан сылап койчу.

Чоң энем кээде мага көлүк болуп,
Бир адат калган эле көнүк болуп.
Коркутуп мени кээде көзүн жумуп,
Коркутуп оозун ачып, тилин сунуп…
Калп эле жатып калчу өлүк болуп.

Анда мен коркуп өлүк өңдү көрүп,
Аздан соң ыйлачу элем өңгүрөнүп.
«Жан кирип» ошол замат чоң энеме,
Жалбарып анан мага коёор эле:
«Жарыгым, мен калп эле көрдүм өлүп»…

Каныма ошол адат жороптолуп,
Калыптыр түшүмө да конок болуп.
Өлүмүш болуп калсам чакпай жылан,
Көнүмүш доско айланып атпай жылан,
Түшүм да кетүүчү эле жомок болуп…

Ойгонуп, анан түштүн изин улап,
Түштөгү байлыгымды калсам сурап:
«Балам а-ай, садагаңа чабылайын,
Балалык – өзү байлык, кагылайын!» –
Деп койчу, маңдайымдан өөп, сылап…

… Бир күнү энем турбай жатып калды,
Билинбей өмүр күнү батып калды.
Тил сунуп, мурункудай өлөм дебей,
Тирилип, ыйласаңар келем дебей…
Ирмелбей каректери катып калды.

Өмүрдө жектеп ыйлап күнүмдүктү,
Өкүрүп, өңгүрөндүм! Үнүм бүттү!
Мен эмес, атам дагы боздоп ыйлап,
Мен эмес, бүт айылым коштоп ыйлап!…
Жоктошту кечээ күнкү тирүүлүктү…

Өкүрүк арбактарды козгоп кетти,
Өксүктү толтура албай боздоп кетти.
Теңир да чыдай албай көрүп туйлап,
Турганда жамгыр жашын төгүп ыйлап…
Өлүктү балалыгым коштоп кетти…

… Азыр мен балалыктан айрылгамын,
Жаштыктын Жигитчилик айлындамын.
Энемдин ар бир баскан кадамынын,
Изинде калып кеткен балалыгым,
Таптырбай жүрөт мага дайнын дагын.

Артынган чоң энемдин жомокторун,
Алтындай балалыкты жоготкомун.
Айдыңдуу жаштык доору сүрүп турган,
Ажалга тике карап күлүп турган,
Азыр мен жашчылыкта коноктомун!

… А бирок, түштө көрчү ошол адат,
Азыр да түш дүйнөмө кошо барат.
Ал адат – балалыктын аманаты!

Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 1578 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.5/2 |
Жалпы билдирүүлөр: 3
0  
3 aisalkyn   (31.05.2011 19:47) [Материал]
Айыл музыкасын токпой чачпай,саптарга тизип ырга айлантып койгонун ,-бул талант.Талантына таазим!!!

0  
2 aisalkyn   (31.05.2011 19:42) [Материал]
Рыспай ырларынды окуп,жарпым жазылып,балалык кундорго кайрылып баргым келди.Ушундай маазмындуу,жеткиликтуу жазылган.Ийгилик!!!

0  
1 ЭРЗАТ   (12.05.2011 13:53) [Материал]
талантка таазим

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр