Шаршемби, 17.04.2024, 02:53 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Нурлан КАЛЫБЕКОВ
Нурлан КАЛЫБЕКОВ
16:15

            Ажалга


Мен сени күткөм жаш туруп,
Жанчканда тагдыр башка уруп.
Эмнеге келдиң кечигип,
Азапты баштан кечирип,
Агарып эми турганда,
Теңирге жүзүм бурганда.
Кайт эми артка, кайтып бар,
Бүтө элек али кызматым...
Сурады дегин туз татым-
Дагы да жердик өмүрдөн!
Өмүрдөн эмес көмүлгөн,
Өмүрдөн КУТУ төгүлгөн!
Өмүрдөн АККА чөмүлгөн!
Азапты болду, бербе де,
БАК менен жанын демде де,
Тынчтык бер жүрөгүнө де,
Каруу бер билегине де!
Кордукка болду, чыдабайт,
Так айткын, түз айт, чындап айт.
Болбосо баарын бүтүрүп,
Кол шилтеп, уруп, түкүрүп,
Чакыртпай келем деди де,
АКТЫГЫН берем деди де,
Каралар АКТЫ жеди де,
Чындыкты жалган жеңди де!!!

Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 1822 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.2/4 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 нурила   (14.03.2011 18:21) [Материал]
Жаны китебиниздеги ырлардан дагы кошулса дейм. Эн мыкты

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр