Бейшемби, 18.04.2024, 19:26 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
12:05

                 Өрт

 

Көңүл канап, өң-алеттен азабыз,

күндө бөлөк жолго түшүп басабыз.

Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн,

биз акырын өлүп бара жатабыз.

 

Бекзадалар гүлдөп шапар тебишет,

бейитиңдин так үстүндө жеп ичет.

Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма

арзыматтар ырдаганга келишет.

 

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,

биз байларды шайлаганда керекпиз.

“Эл” деген – биз, макулук да, маймыл да,

эч нерсе да, эч ким дагы эмеспиз.

 

Ата Журтта ач жылаңач, араң жан,

аялга окшоп зордукталган, таланган.

Өрттү көздөй жылып бара жатабыз

өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

                                              

        Эне тилин унуткандар

 

Чырмалышкаништин да чатышы бар,

Чындыктын да чыгышы, батышы бар.

Чытырмандынкудайы пил эле эмес,

Чымындын да жашоого акысы бар.

 

Сайдындагы башталган башаты бар,

Саяпкердин сактаган такасы бар.

Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,

Өз тилинде чардаган бакасы бар.

 

Кыргызмын дейсиң мага,

Кыйшактап бийлеп туруп,

Кыргызмын дейсиң мага,

Кыргызча араң сүйлөп туруп.

 

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,

Кылым кезген тарыхын унуткандар,

Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,

Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

 

Тил жоголбойт,
жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,
кызың да
жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

 

Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган

Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

 

Мен азыр мисал кылып,

Мурат деген жигит жөнүн айткым келет,

Мурат минтчү:

Эч кимге пайдасы жок түтүндөймүн,

Эч кимге пайдасы жок

Өсүп турган жүзүмдөймүн.

Тууган эл, эмне кылам?

Энемди түшүнсөм да,

Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!

Тууган эл,

Туз-наныңа түкүрбөймүн,

А бирок түшүнбөймүн,

Ырыңды, комузуңду, чапаныңды, макалыңды.

Түшүнбөймүн

Кошойюңду, Бакайыңды!

Тилим бар болгон менен

Тил катып үндөй албай,

Тилим бар болгон менен

Дудук болдум,

Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

 

Сыздатып жүлүнүңдү,

Сындырып кабыргаңды,

Жулдуруп канатыңды, 

Келатамын!

Сен кимсиң?

Сен дагы күнөөлүүсүң.

Чоңсуңбу,

Кичүүсүңбү,

Баласыңбы?

 

Башка калктын тарыхын билген менен,

Билбейсиң карыш турган

Атбашы, Таласыңды!

Билбейсиң сен, Манасыңды!

 

А мени тааныгандар Мурат дешет.

Паспортумда да

Өмүралиев Муратмын мен.

Ал эми досторум:

Умуралиев Мурик дешет.

Мурик эмес,

Муратмын мен,

Мен ошомун,

Орустардын арасында – «дуракмын» мен,

Кыргыздардын арасында – «келесоомун»!

 

Тилим бар болгон менен

Тил катып үндөй албай,

Тилим бар болгон менен

Дудук болдум,

Өз тилимди тилмечсиз сүйлөй албай!

 

Тууган эл, кечир мени,

Туз-наныңа түкүрбөймүн,

Энемди түшүнсөм да,

Эне тил дегенге мен түшүнбөймүн!

А бирок моюнума

Алгым келбейт мен күнөөнү,

Ал үчүн жалгыз гана мен эле эмес,

Сен күнөөлүү,

Сен күнөөлүү!

 

Ысыгыңа,

Суугуңа тоңбогондор,

Ыйманын жеп, ырыңды кордогондор,

Кыргыз эмес кыргызды төрткө бөлүп

Кылтыңдашыптүлкүдөй жойлогондор!

 

Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,

Бөдөнөдөй бөжөңдөпжан багышкан,

Эне тилин унутуп мансап үчүн

Эх, канчалар маңкуртка айланышкан.

 

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.

Билебиз деп төштөрүн каккан менен

Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

 

Тил жоголбойт,
жоголсо, жоголот дил,
тукумуң да,
тууруң да
жоголот, бил!
Тил жоголбойт,
жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 4875 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 Тумонбай Колдошов   (04.03.2012 12:36) [Материал]
Алтынбек байке салам. Мен сизге ийгилик каалаймын. Эгер мумкунчулук болсо ШДуйшеев менен байланышууга жардам берсениз. Урматым менен Тумонбай Колдошов Ош шаары.

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр