Бейшемби, 18.04.2024, 19:58 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Турар КОЖОМБЕРДИЕВ
Турар КОЖОМБЕРДИЕВ
13:21

 

           Эне жана коломто

 

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

Мейли күздө, мейли жаздын таңында,

Коломтону элестетсем, энекем,

Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

 

Куурай терип, тезек терип жакканы,

Камданчуубуз казанга нан жапканы.

Эмнегедир от биздики дечүмүн –

Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

 

Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,

От күчөөчү коломтого таралган.

Эмнегедир от бир буюм сезилчү,

Апакемдин колдорунан жаралган.

 

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,

Малчылардын күнгө күйгөн денеси...

А мен отту бир туугандай сезчүмүн,

Апам болчу анын дагы энеси.

 

Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,

Атам мага мингизчү көк быштыны.

Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,

Апакемдин нандай жумшак муштуму.

 

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,

Коломтого топтой ыргып малакай.

Энем кайра алып көрүп колуна

Айтчу мага: - Ай, тентек ай, жалакай!

 

Уктап жатпа, адетиңдир тук этмей?

Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.

Сен сурасаң үзүп алып очоктон

Күйгөн отту сунаар элем букеттей!

 

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

Мейли күздө, мейли жаздын таңында,

Коломтону элестетсем, энекем,

Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

 

                                                             Cезбедиң...

                                    Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын,

Сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.

Ишенбейм күйөөң сенин сезээрине,

Койнунда күн кучактап жаткандыгын.

 

Сен аны сыйлаарсың да, аярсың да,

Сен анын ар ишине даярсың да.

Сен ага жөпжөнөкөй бир кишисиң,

Сен ага жөпжөнөкөй аялсың да…

 

 

KY
Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 2212 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 NurTurarEW   (04.07.2013 23:26) [Материал]
Алтынбек, азаматсың.
Жакшы сайт ачыптырсың, кыргыз поэзиясын сүйгөндөргө бул абдан керек.
Турар атамдын ырларын жана сүрөттөрүн электрондук почта менен жиберүүгө даярмын.
Акындын сүрөтү жок болсо жакшы көрүнбөйт экен. Сайтка сени фейсбуктан таап, анан кирдим.
22-июнда берилген "Чак түш" телекөрсөтүүң эң мыкты болду десем аша чапайм.
Сени мен эң мыкты алып баруучу десем дагы эч жаңылышпайм.
Өркөнүң өсө берсин алтындай иним Алтынбек!
Сени кыргызымдын улуу, залкар көзү өттүп кеткен агаларыңдын арбактары жана Алла Таалам колдосун! Мыкты чыгармаларыңды жазып, кыргыз элин сүйүнткөн мыкты эр-азаматтарынан болушуңду каалайм.

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр