Жума, 29.03.2024, 05:47 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Байдылда САРНОГОЕВ
Байдылда САРНОГОЕВ
13:25

               Мен киммин?

 

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Элимде көбөйсүн деп адам саны.


          Кыргыз жигиттерине

 

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

 

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

 


    
          Сакал жөнүндө сөз

  

Акылың аз, бирок байсың сакалга,

Күч кетирип күндө кырсаң жатарда,

Жаз айында кырын жапкан арпадай,

Жайнап чыгат тура калсаң азанда.

 

Жаратылыш сараң го дейм тырышкан,

Алдап сага акыл берген муруттан?..

Мага болсо беш тал кылды сербейтип,

Сакал бербей көсөө кылып куруткан.

 

Менин ээгим ээк болбой жер болсо,

Бак-шагы жок такыр келген адырлуу,

Такыр жерден кен көп чыгат дечү эле,

Ээгим анда болмок экен кадырлуу.

 

Сага бүткөн коюу сакал сапсайган,

Сакал эмес бүт карагай болгондо,

Көрк үстүнө көрк кошулмак экен ээ,

Тигил биздин аз токойлуу тоолорго.

 

Турмуш жолу бир-бирине тескери,

Кээде өзүмө, кээде сага күлөмүн.

Сен сакалды жогото албай жүдөдүң,

Мен сакалды көбөйтө албай жүрөмүн.

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 3461 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/6 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 руслан   (05.03.2014 16:24) [Материал]
БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ айткандай болгула КЫРГЫЗДЫН жигиттери

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр