Дүйшөмбү, 20.11.2017, 06:17 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 437
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Райхан ШҮКҮРБЕКОВ
Райхан ШҮКҮРБЕКОВ
13:45

                    
                       ӨМҮР ЖОЛ
 
Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Киров районундагы Ак-Чий айылында туулган.
 
1923–1926-жж. Олуя-Ата шаарындагы мектеп-интернатта тарбияланып, 1928-жылы Фрунзе шаарындагы жети жылдык мектепте окуйт.

Р.Шүкүрбековдун 1929-жылы «Жаркынай» аттуу аңгемеси «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналга жарыяланган. 1929–1933-жж. педтехникумда окуп, 1933-жылдын аягына чейин театр, филармонияда иштеп, театр сахнасында 20 жылдан ашык убакыт ар түрдүү ролдорду аткарган.

 
1933–1936-жж. Р.Шүкүрбеков «Күрөш», «Айдар», «Бейит арасында», «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларды жазып, мамлекеттик кыргыз драма театрынын сахнасында коюлган.

 
Р.Шүкүрбековдун «Too элинин баатыры» аттуу повести Самарканд шаарында 1936-жылы басмадан чыккан.
 
1936–1937-жж. орус адабиятынын классиктери А.П.Чеховдун, М.Горькийдин бир топ аңгемелерин которгон.
 
Р.Шүкүрбеков «Менин айлым», «Жашыл токой», «Эки жол», «Бир эшиктин тарыхы», «Каныкей» сыяктуу драмалык чыгармалардын автору.
 
Чыгармалары орус жана поляк тилдерине которулган.

Р.Шүкүрбеков 1936-жылдан СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү болгон.
 
Р.Шүкүрбековдун адабияттагы жана искусстводогу эмгеги жогору бааланып, «Эмгек Кызыл туу» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган.
 
                                           ЫРЛАР
 

          Жинди суу

 (кыскартылып алынды)


Терменин башы арактан,

Айланып кетсин тамактан,

Силерге айтып жатамын,

Качсын деп жаман адаттан.

 

Карабайт кары-жашыңа,

Капаны үйөт башыңа.

Жүргөн жери ызы-чуу,

Эч кимге жакпайт жинди суу.

 

Жалгыз эмес жинди суу,

Анда ага да бар, ини бар.

Спирт, пиво, винолор,

Ар кимисин билип ал.

Бардыгынын жини бар,

Өздөрүнчө тили бар.

 

Адеп ичип жүргөндө,

Ойнотот түрлүү гүлдөргө.

Жашчылык ырын ырдатат,

Ай жарык сулуу түндөрдө.


Чакырган үйдү жадатат,

Отурган элди таратат.

Эртесинде шылкыйтып,

Уялтып жерди каратат.

 

Жолобой калат билгендер,

Алыстайт бирге жүргөндөр.

Бирок, арактан өзүң качпайсың,

Жалгыздап сого баштайсың.

 

Баткактарга оонатып,

Чочко кылат жинди суу,

Адам жебес, ит жебес,

Сени ботко кылат жинди суу.

 

Балбанды аттан оодарган,

Баатыр болот жинди суу.

Көйнөгү жок төшүндө,

Жакыр болот жинди суу.

 

Акын болсо үнүн жейт,

Жаштын терип гүлүн жейт.

Чечендердин сөзүн жейт,

Сөзүнөн кийин өзүн жейт.

 

Арканы жок, жиби жок,

Байлап алат жинди суу.

Жылаңайлак-жылаңбаш,

Айдап алат жинди суу.

Анан өзүңдү өзүң билесиң,

Өөдө төмөн жүрөсүң.

Куш сайрабас, күн тийбес,

Түнт токойго киресиң.

Ачуу-ачуу кыйкырып,

Аржаңдап жалгыз күлөсүң,

Айлыңа жакпайт мүнөзүң.

 

Анын эч ким жетпейт түбүнө,

Ал жетет сенин түбүңө.

Көзүңдүн агы жоголуп,

Коркурак кирет үнүңө,

Өз балаң коркуп бекинет,

Көргөндө сенин түрүңө.

Агайын-тууган бириксе,

Сөз бербейсиң бирине.

Таамай-таамай сайрайсың,

Тибиртке чыксын тилиңе.

 

Бүчү менен топчуңду,

Буфеттерде үзөсүң,

Ысык-Көлдө жүргөнсүп,

Кургак жерде сүзөсүң.

 

Калтыратат колуңду,

Ийри кылат жолуңду.

Жайдын күнү кийгизет,

Кышындагы тонуңду.

 

Күн кайнаган жайында,

Июль, август айында,

Кийиз өтүк бутуңда,

Мына, анык күлкү ушунда.

Суу кечкен теке кейптенип,

Плащчан коет кышында.

Батинкесиз, өтүксүз,

Эски галош бутуңда.


Өткөн, кеткен күлүшөт,

Жанында иттер үрүшөт.

Күүгүм кире күн бата,

Чөнтөгүңө киришет.

 

Таппайсың туруп атыңды,

Чеңгелдейсиң башыңды.

Бутуңда жок өтүгүң,

Суу болуп жатат көчүгүң.

 

Сай-сөөгүң сыздап жүлүндөйт,

Чылпактап көзүң ириңдейт.

Оозу-башың бүлкүлдөп,

Сүйлөгөн сөзүң билинбейт.

 

Оолукма кылат өзүңдү,

Опсуз кылат сөзүңдү.

Ата-энеден тилдетип.

Акшыңдатат көзүңдү.


Ит каппайт сени адам деп,

Кыз сүйбөйт сени жаман деп.

Милицияда жатасың,

Штраф кайдан табам деп.

 

Айтканымды ойго алар,

Акылы бар жаш бала.

Ардактуу асыл башыңды,

Аракка кылба маскара.

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 6707 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.7/6 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
1 Жанышбек   (10.05.2010 10:19)
Райхан Шукурбековтун омур баяны толук маалымат. сураныч

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр