Дүйшөмбү, 20.11.2017, 06:06 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 437
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Жусуп ТУРУСБЕКОВ
Жусуп ТУРУСБЕКОВ
13:51
 
       ӨМҮР ЖОЛ
 
Жусуп Турусбеков 1910-жылы Тоң районуна караштуу Күн-Батыш айылында туулган.
 
1916-жылкы үркүндө Кытайга чейин барып, кайра кайткан.
 
Каракол балдар үйүндө тарбияланган.
 
1922-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумуна алынып, окуй баштайт.
 
Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт.
 
1929–1930-жж. Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, Кыргызмамбастын редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген.
 
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.
 
Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы гезитке айрым ырлары чыга баштайт. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат.
 
Чыгармалары орус тилине которулган.
 
Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөргө жаккан. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлорунун бири Жусуп болгон.
 
Ж.Турусбеков А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон.
 
1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
 
Ж.Турусбековдун ысмы республикадагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.

Балдары
 
Жусуптун улуу баласы Жалкын деген өспүрүм кезинде токко урунуп каза болгон.
 
Кызы Лиля ВГИКте окуп, аны аяктаган.
 
ЭСКЕРМЕЛЕР
 
Жубайы Күлсүн:
«Ал кишинин өзүнө таандык дагы бир асыл адаты, ал бүгүн жаза салып эле эртеси редакцияларга чуркап барып чыгаруу шаштырмасы таптакыр жок болчу. Кичине нерсе жазабы, чоң чыгарманын үстүндө иштейби, кандай иш бүтүрбөсүн жазгандардын эртеси кайра карап, кайра да сыдыргыдан өткөзүп, айтор сөз менен көп түйшүктөнөөр эле. Акырында купулуна толгондо гана жарыялоого берчү. Ал убакта мен деле өтө жаш кезим, адабият, ыр жазуу дегенден деле кенедей түшүнүгүм жокко эсе. Чынын айтканда сабатсыздыкты эптеп-септеп жойгонубуз болбосо билим, түшүнүк деген жокко эсе да! Эгер жашырбай чынымды айтсам: жазып жатат, эмнени жазып жатканына деле кызыкпайм. Ишим жок көптүн бири катары жүрө бердим. Ал жазып-жазып отуруп айрым саптарыбы өзүнө жагып калса, айтарга сөз таба албай, жайдаңдап: -Ии жакшы болбодубу, ойдогудай чыгып калды -деген кубанычын жашыра албай калчу. Кээде ал деле жазгандарымды окуп берейин, уксун, - деп деле ойлочу окшойт. Бирок биздин кейпибизди, адабиятка кылган мамилебиз, чыгармачылыкка түшүнүгүбүз кыйла начар экенин түшүнүп турат да. Анын үстүнө эмчектеги балам да бар. Ошентип жазып жүрдү, өзгөчө драмадагы каармандар жөнүндө көп ойлонуп, күңгүрөнүп сүйлөнүп калган учурлар деле аз болбогон».

Замандашы Түгөлбай Сыдыкбеков:
"Ал болгону эки гана жаш улуу экенин билгенимде ага теңтуш, курбу болоюн десем да, анын таланты, адамгерчилик сапаты дайым менден улуу бойдон калды. Себеби, Жусукем көп окуган, көптү көргөн, көптү билген элинин турмушунун кайгы-муңун кылдат сезген, тили бай, ички дүйнөсү кенен, өтө ак пейил адам экендигин мага бат эле байкатты. Мен Жусукемдин таланттуу акын гана эмес, адамдык жакшы сапаттарга бай, жүрөгүндө назик сезимдин күүсү бар экендигин байкаганымда аны бир тууганымдай сүйүп кеттим."
 
Каламдашы Алыкул Осмонов:

Күүлдөгөн кош канаты бороондоп,
Байкаганга кыраан бүркүт өзү окшоп.
Бул олтурган көп курдаштын
ичинде,
Кайран гана Жусубумдун орду жок.

Анын ыры шекер-шербет бал эле,
Бул замандын бактылуу
бир жаны эле.
Күлүктүгүн салыштыра
келгенде,
Күлүктүгү Көк аладай бар эле.


    ЫРЛАРЫ: 

Ук, жер жүзү!

Ук жер жүзү,
Далай гигант салынды!
Өлкө бети,
Өзгөрүлдү, жаңырды.
Кечээ күнкү,
Күрпүлдөгөн
Долу суу,
Эпке келип,
Бүгүн бизге багынды.
Кечээ күнкү муң каптаган,
Фергана,
Бүгүн көрсөң,
Өзгөрүлгөн башкача.
Дыйкандардын,
Өстүрүшкөн пахтасы.
Кем калышпайт
Египетти баспаса!
Тыңша аалам!
Тыңша Шань-Хай!
Тыңша Париж!
Кулак сал!
Ук жер жүзү,
Тыңшагычты колуңа ал!
Угуп биздин
5 жылдык жеңишти,
Ук жер жүзү!
Уккун дүйнө!
Таңыркан!

 
              Эсимде

 

Жайдын бир толук кезинде,

Адырлуу тоонун бетинде.

Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн

Жайдары селки эсимде.

 

Агарып тоодон таң аткан,

Суюлуп жылдыз бараткан.

Калды го бекен эсиңде

Кыйышпай күлө карашкан.

 

Өзүмдү сага берем деп,

Өмүрдүн гүлүн терем деп.

Сүйлөшкөн күндөр эсимде

Турмуштун сыры терең деп.

 

Антыңды эстеп таңдагы,

Көңүлүм сенден калбады.

Азыркы шайыр жаштардын

Өзүңдөй болсо алганы.
 
Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 10607 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.9/11 |
Жалпы билдирүүлөр: 5
5 руслан   (05.03.2014 15:51)
эсимде деген ыры жакты

4 гулиза   (14.03.2012 00:55)
турусбеков

3 гулиза   (14.03.2012 00:53)
жакши жакши

2 alisher   (29.11.2010 13:24)
sss

1 касиет   (25.12.2009 09:41)
Жусуп Турусбеков

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр