Бейшемби, 28.03.2024, 19:47 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
13:52
                   

 
                                  ӨМҮР ЖОЛ
 
Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган.
 
1924-1926-ж. "Көк-Арт” балдар үйүндө тарбияланган.
 
1726–1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуган.
 
Эмгек жолун 1931-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935–1941-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, «Советтик адабият жана искусство» журналынын башкы редактору болуп иштеген.
 
Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, «Родина үчүн алга» дивизиялык гезиттин редактору болуп калат.
 
1927-жылы Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин «Жер алган кедейлерге» аттуу туңгуч ыры жарыяланат. 1933-жылы «Эмгек төлү» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 
 
«Алтын кыз» поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. «Алтын кыз» поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн.
 
Ал «Семетей» пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, «Айчүрөк» жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу.
 
Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору.
 
Жоомарт - алгачкылардан болуп калем төшөгөн балдар жазуучусу. Анын балдар темасындагы тамсилдери жана ырлары азыркы күнгө чейин элдик чыгармага айланып, аткарылып келе жатат.

Жоомарт - чебер котормочу. Ал биринчилерден болуп орус жана советтик поэзиянын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон. Башкача айтканда, Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргызча сүйлөткөн.

 
Жоомарт - кыргыз профессионалдык журналистикасын  негиздегендердин бири.

Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы олуттуу окуя болгон 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабиятынын декадасында Жоомарт Бөкөнбаев 30га жакын ырдын сөзүн жазган. "Алтын кыз" музыкалуу драмасы коюлганда СССРдин саясый бюросунун мүчөлөрү жана И.В.Сталин өзү катышып, кыргыз искусствосуна, адабиятына жогору баа беришкен.

Чыгармачылык менен катар эле Жоомарт Бөкөнбаев мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер катары да таанымал болгон. Анын коомдук ишмердигинин учугу алыскы Баткенден башталган.

Кыргыздын демократ акыны Токтогул Сатылгановдун ырларын жыйнап, редакциялап, адабияттан өз ордун алышына жасаган эмгеги чоң. Ал өз чыгармачылыгынын, өмүрүнүн 5 жылын жалаң улуу акынга жумшаган. Ошон үчүн чыгармачыл интеллигенция арасында "Токтогулду Токтогул кылган - Жоомарт" деген жогору баа айтылып келет.
 
40-60-жылдардын мууну андан көп таасир алганы калемдештеринин эскерүүлөрүнөн белгилүү. Атап айтканда Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев, Төлөн Шамшиев, Мидин Алыбаев, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Курман Каракеев, К.Орозалиев ж.б. адабият менен маданияттын ишмерлери Жоомарттын жылдызынын жарыгы көпкө тийгенин айтып да, жазып да жүрүшөт.
 
34 жашында "Манастын уулу Семетей" аттуу кыргыздын эң алгачкы кинотасмасынын сценарийин жазып жүрүп күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан. Ал кинотасма бүтпөгөн чыгарма бойдон калып калган.
 
Акындын сырдуу өлүмү

Бул кайгылуу окуя жөнүндө көптөгөн басылмалар жазып чыгышкан. Тилекке каршы, бул трагедиянын себеби так жазылган эмес.

1944-жылы Кыргызстан СССРдин кинематография боюнча комитети менен түзгөн келишимдин негизинде "Манастын уулу Семетей" кинокартинасын тартуу башталат. Бул кинокартинаны тартуу 20-жылдардын аягында Вена университетин бүтүргөн, Берлиндин жана Париждин киностудияларында, 1932-жылы Голливудда иштеп келген белгилүү кинорежиссер Герберт Раппапортко сунушталат. Ал эми кинонун сценарийин жазууну Жоомарт Бөкөнбаевге тапшырышат.

Кинотасманы тартуучу топто Исаев, Бөкөнбаев, Раппапорттон башка Яков Кулиш деген оператор, анын ассистенти, Фрунзедеги студиянын жаш кызматкери Юза Герштейн жана ТАССтын өз кабарчысы В.Светлов бар эле. Алар Ысык-Көл тарапка барып, кинотасмага ылайык жер тандоолору керек эле. Негедир ошол күнү аларга автомашинаны көпкө чейин беришпейт...
 
1944-жылы 14-июнда гана Т.Чабанова деген аял-айдоочу айдаган эски, үстү ачык автомашина жиберишет. К.Исаев айдоочунун жанынан орун алып, калгандары үстүнө отурушуп жолго чыгышат.

Жолдо машинанын тез-тез бузулганы, нөшөрлөгөн жамгыр жүргүнчүлөрдү бир топ жүдөтөт. 15-июнда тоо этегиндеги Жоомарттын ата-энеси жашаган айылга келишет. Борбордон келишкен сыйлуу меймандарга берилген бешбармак абдан жагат. Кийинки күндөрү Тамчыда, Жети-Өгүздө болушуп, 18-июнь күнү жайлоого чыгышат.

Жайлоодон "кыз куумай", "улак тартыш", "аламан байге" сыяктуу улуттук оюндарды тартышат. Улуттук оюнга катышкандардын шамдагайлыгы, эр жүрөктүүлүгү борбордон келген кинорежиссерду өтө таң калтырат.

1-июль күнү таң ата жолго чыгышат. Машина кайрадан бузулуп, аны токтотуп оңдоого киришкен аял-айдоочу, кандайдыр бир тетигин алмаштырат.

Арадан бир саат өткөндөн кийин оорду толгус кырсык болот: катуу ылдамдыкта бараткан автомашина аңтарылып кетет. Жардамга келгендердин бир тобу Жоомарттын көөдөнүн катуу басып калган машинанын бир капталын эптеп көтөрүшүп, акынды бошотушат. Бир нече сааттан кийин кичинекей санитардык самолет, түз эле жолго конуп, катуу ооруга чыдабай онтоп жаткан Светлов менен Бөкөнбаевди алып кетишет. Жергиликтүү доктурлардын Бөкөнбаевге жардам берүү аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Төрт саат бою жан сыздаткан катуу оору менен кармашып жатып улуттун улуу акыны мезгилсиз өмүр менен кош айтышат.
 
                
 
Акындын сүйүүсү
 
Өтө татаал, өтө кыйын бурулуштарга туш келген сүйүү - Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын сүйүүсү. Оозеки маалыматтарга караганда, экөө бирин-бири жакшы көрүп турушуп эле, бир канча жолу урушуп-талашып, ажырашып да кетишкен. Эки жакка кетип калышкандан кийин кайра бирин-бири кыя албай, сагынышып, издешип жүргөн учурлар да болгон.
 
Жоомарт Тентини бир эле көргөндө сүйүп калып, ага өз сезимин түптүз айткан: "Сен мага тиесиң, мен сени алам, себеби, мен сени сүйөм!" деп. Айтор Тентинин аркасынан сая түшүп жүрүп акыры алган.
 

Жоомарттын жубайы Тенти да таланттуу акын болгон. Кийинчерээк ал академик Муса Адышевге турмушка чыгып, Адышева тегатын алган.
 
Акындын балдары
 
Уулу Кулубек Бөкөнбаев кыргыздын пост-советтик доордогу мамлекеттик ишмерлеринен (айлана-чөйрөнү коргоо министри) болгон. Ал - окумуштуу (геология-минералогия илимдеринин доктору).

Кызы Сырга Бөкөнбаева – медицина илимдеринин доктору.

                
 
 
                       ЫРЛАРЫ: 
 
                          Өмүр

 

Санап, санап эсептесем өмүрдү,

Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.

Жел жетпеген желмаяндай мал минип,

Жетип кууп, жеңер белем өлүмдү!

 

Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,

Саат жылып баратканын койсочу.

Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,

Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.

 

                 Жайдын кечи

 

Манаттай асман кызарып,

Магдырап барат айланам.

Чачырайт көбүк бетиме

Чамынып аккан дайрадан.

Мунайып тартып угулат,

Булбулдун үнү сайраган.

 

Жалбыздын жыты буруксуп,

Жаныңа жыпар чачкандай.

Торгойлор тынбай таңшышат,

Токтогул күүсүн тарткандай.

Кызыгат гүлгө көпөлөк,

Кыз менен жигит жаткандай.

 

Үргүлөп тоолор баратат,

Уйкуга батып алсырап,

Карагай башын көрүүдөн

Карарган күүгүм жашырат.

Токтой тур, курбум, токтой тур

Чолпон да чыгар чачырап.

 
            Т... га
 
Ачылып турган кызыл гүл
Жел соксо көркүн чыгарат.
Толукшуп турган сүйгүн кыз
Жар болсо көөнү кубанат.
 
Аземдеп тилин сайраган,
Акыны менмин кыргыздын.
Алтындуу нуру балкыган
Чолпону сенсиң жылдыздын.
 
Акынга чолпон жакпайбы
Ардагы болуп турмуштун.
Бутакта турган булбулдун
Гүл болсо тили чыкпайбы?..
 
Буралып турган жаркын кыз
Булбулдун үнүн укпайбы?..
Асмандап учкан чүрөксүң,
Алдымда жаркын тилексиң.
Ай жарык укмуш күнгө окшоп,
Айласын тапчы жүрөктүн.
 
             Эмгек
 
Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек.
Түрдөнтүп албан-албан жердин бетин,
Килемди, бачайыны жапкан эмгек.
Аткарып калети жок турмуш шертин,
Берметти безелентип таккан эмгек.  
Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 12454 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.4/11 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
0  
1 mteitbaev   (15.11.2016 17:57) [Материал]
:p <_<

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр