Аалы ТОКОМБАЕВ - 12 Июня 2009 - Кыргыз акындары - Алтынбек Исмаилов
Шаршемби, 17.09.2014, 08:27 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 361
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Аалы ТОКОМБАЕВ
Аалы ТОКОМБАЕВ
13:53
 

 
                                   ӨМҮР ЖОЛ
 
Аалы Токомбаев (БАЛКА) 1904-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган.
 
Аалынын энеси Уулбала кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын, айрыкча жомокту, кошок-армандарды өтө жакшы билген жана айта билген, сөзмөр аял болгон. Аалынын алгачкы адабий шыгынын ойгонушуна энесинин айтып берген нечен тγркγн сюжеттеги жомоктору таасир тийгизбей койгон эмес.
 
Бул туурасында акын өзγ дагы "Автобиографиялык фрагментинде” төмөнкγдөй деп эскерет: ”Кычыраган кыштын узун, суук тγндөрγндө балдардын ортосуна олтуруп алып, жай-баракат гана ушул сыяктуу эчен тγркγн кошок, эчен тγркγн укмуш жомокторду айтуучу. Табышмак,жаңылмачтарды, кыз оюндарда ырдала турган элдик ырларды атайын жаратаар эле”.
 
Ал эми атасы жөнγндө ушул эле фрагменте: ”Тескеринче, атамдын оозунан эч кандай жомок, ыр уккан эмесмин”, - деп эскерген акын. Токомбай кайраттуу, өзγнγн айткан сөзγнөн кайра тартпаган, убадага бекем, көк адам болгон. Ал колунда жок кедей болсо да, тирγγ кезинде балдарын окутуп, кат таанууга көп аракеттер жасаган. Бирок анын аракети кγткөн γмγтγн актаган эмес. Колунда болгонун берип, эки кыш чала сабат молдодон окутканы менен бары бир Аалы кат тааныбаган бойдон кала берген.
 
1916-жылы элдик боштондук кыймылында Аалы да γй бγлөсγ менен Кытай жерине качып барган. Ал жердеги ачарчылык, качкындардын арасындагы жайылган келте ооруусу качкындардын көпчγлγгγн кыргынга учураткан. Мына ошол кыргында Аалынын беш бир тууганы каза тапкан.
 
Бир жылдан кийин эл менен кошо Аалы кыргыз жерине кайра кайтат. Жолдо келе жатканда 1917-жылы Кочкордо (Орто-Токойдо) Токомбай каза болуп, андан көп узабай эле энеси Уулбала да дγйнөдөн кайтат. Болочок акын эми томолой жетим калып, ар кимдердин эшигине барып кайыр сурап, кγн өткөрөт.
 
1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат. 1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азиялык Коммунисттик университетте (САКУ) окуган.
 
Окууну бγтγп келээри менен Чγй кантордук Эл агартуу бөлγмγнγн башчысы, андан кийин 1929-жылга чейин "Кызыл Кыргызстан” аттуу гезиттин редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жж. «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болгон.
 
 
Кыргызстандын басмасынын тарыхында биринчи болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин биринчи номуру 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүп, ага А.Токомбаевдин «Октябрдьн келген кези» аттуу ыры басылган.
 
Биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкентте «Ленин тууралуу» деген ат менен басылып, бул китеби бир аз оңдолуп, толукталып «Ленин» деген ат менен 1936-жылы кайра басылган.
 
Акын өзγнγн  машакаттуу өмγр жолунда элγγдөн ашык ырлар жыйнагын, поэмаларын, ”Кандуу жылдар” романын, бир нече прозалык, драмалык чыгармаларын, публицистикалык жана сын-макалаларын калтырган.
 
1967-жылы «Таң алдында» романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Акын дγйнөдөн кайткандан кийин ошол романдын 1935-жылы жарыяланган 1-китеби өзγнγн "Кандуу жылдар” деген аты менен 1991-жылы орус алфавитинде басылып чыккан.
 
Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын) мүчөсү, (андай партия болгон эмес), Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган. Түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин А.Фадеевдин кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.
 
 
1988-жылы каза болгондон кийин акындын бардык китептери акталган. А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган.
 
Жазуучу С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн коллективдүү котормо иштерине жана коллективдүү которулган жыйнактарды чыгарууга активдүү катышкан.
 
А.Токомбаев Кыргыз ССРинин Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, СССРдин гимнинин жана партиялык гимн «Интернационалдын» кыргызча котормосунун авторлорунун бири.
 
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз ССРнин Эл акыны (1945-ж.). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974-ж).
 
Бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат, Кыргыз обкомдук мүчөлүгүнө, Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат болуп шайланган.
 
Акын 84 жаш курагында 1988-жылы дγйнөдөн кайткан.
 
 
 
ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайы Зейнеп Сатбаева менен 1926-жылы Ташкен шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүрүшкөндө баш кошушкан. Төрт баланын ата-энеси болушкан.

«Апам чарбачылык жагынан кыйын жан эле. Ар бир аял эле жазуучуга жар боло албайт. Анткени чыгармачылыкка берилген кээ бир адамдар өз үйү тууралуу аз ойлонот эмеспи. Кийин мен апама "өзүңдү эмне карабайсың?" десем "мен бир казактын кызымын, ал эми атаң кыргыз элинин уулу" деп калаар эле. Атам иштебей да жүргөн учурлары болду, эл душманы деп камалды, улутчул деп куугунтукталды, иштеген учурларда деле китеп чыгаруу кезегин жаштарга берип, өзү куру калган учурлары болду. Апам жер казып, огороддо иштеди. Айтор, атам кандай кыйын күндөргө кабылбасын, туруштук берди. Атам экөө бирге 55 жыл өмүр сүрдү». Тамара Токомбаева

1. Аалы Токомбаевдин улуу баласы Карлен Токомбаев - техника илиминин доктору, ойлоп табуучу, Жогорку аттестациялык комиссия мүчөсү, энергетик. Азыр Илимдер академиясында эмгектенет.
 
2. Экинчи баласы Тарас Токомбаев - полковник, Республикалык ардагерлер уюмунун төрагасы, Агасынан айырмаланып, ал аскердик кызматты тандаган.
 
3. Кызы Тамара Токомбаеванын кесиби мугалим. Ал 17 жыл политехникалык институтта, И.Арабаев атындагы университетте, андан соң Пржевальск институтунда орус тили мугалими, 1991-жылдан өмүрүнүн аягына дейре Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинин жетекчиси болуп иштеген.
 
4. Жазуучунун эң кичүү уулу Улан Токомбаев. Балдарынын ичинен Улан атасынын жолун жолдоп акын, драматург, сценарист болуп, "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамына татыган. Улан Токомбаевдин баласы Шербото Токомбаев чоң атасын, ата-энесин тартып орусча ыр, аңгеме жазат. Шерботонун апасы Светлана Суслова да белгилүү акын.
                    ЫРЛАРЫ:
 
                   Терегим
Кайсы күнү ким жазды экен атымды
Жаш теректин аппак күмүш денине?
Келин бекен? Жигит бекен, акынбы
Бул адамдын максатында эмине?
 
Жаш теректин күмүш тону эскирип,
Жазган тамга жоюлгансып баратат.
Менин дагы өмүрүмө кеч кирип,
Өткөн сайын терегимди каратат.
 
Мени көздөп канча шашса карылык,
Мен эмгекке андан бетер шашамын.
Ал карылык уурдаганча камынып,
Таалайымдын далай жолун басамын.
 
                    Энеке
 
Ой, энеке! Сенден жарык таң барбы!
Сенин шоолаң түбөлүккө бүтпөгөн.
Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы!
Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн!
 
Ой, апаке! Баратасың улгайып,
Карылыкка бергим келбейт өзүңдү.
Бирок өмүр – зыркыраган жел кайык,
Шашып айтчы даанышмандык сөзүңдү.
 
Сүйлө, сүйлө, дагы сүйлө, апажан,
Сагынганда эскерейин бардыгын.
Аткарайын, "тапшырма – деп – апаман”,
Айткын, апа, барбы мага жардыгың?
 
Мээрбаным, жылмайганың балаңа
Алтын бешик мекенимдей сезилет.
Кайда жүрсөң айткансыйсың "садага”,
Эстей калсам элесиң да кезигет.
 
Ой, энеке! Сенден жарык таң барбы!
Сенин шоолаң түбөлүккө бүтпөгөн.
Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы!
Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн!
 
       МУНАРЫМ
 
Сүт эмген бала жыттанган,
 Илебиңди сагындым.

Мойнумду сылап артылган,

Билегиңди сагындым.

 

Талпынсам таппайм айласын!

Талаада калган өңдөнөм,

Таалайым, Мунар кайдасың?

 

Кучактап турсам туйлаган,

Жүрөгүңдү сагындым.

Эңкейсең эрке чайпалган,

Күбөгүңдү сагындым.

 

Муңаям таппай айласын!

Муңканып жалгыз отурам,

Муңдашым, Мунар кайдасың?

 

Балбылдап карап оштонуп,

Күлгөнүңдү сагындым.

Керүүдөн чыккан маралдай,

Жүргөнүңдү сагындым.

 

Талпынам, таппайм айласын!

Таң атат дагы күн батат,

Тагдырым Мунар кайдасың?

 

Гүлбурак жийде жыттанган,

Илебиңди сагындым.

Мойнума жумшак оролгон,

Билегиңди сагындым.

 

Көксөймүн таппай айласын!

Көңүлгө төтө кылайын,

Түшкө кир Мунар! Кайдасың?
 
Ай нурунда кышкы түн
 
Ай нурунда кышкы түн,
Айран төгүп койгондой.
Жаңырыксыз токой чер
Уктап жатат ойгонбой.
 
Менменсинген карагай,
Пейли кенен чалдардай.
Кар жамынган чегелдек
Ак тон кийген балдардай.

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 9331 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.1/16 |
Жалпы билдирүүлөр: 1
1 aisuluu   (22.03.2014 11:01)
аалы токомбаев

 
Имя *:
Email:
Код *:
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр