Дүйшөмбү, 20.11.2017, 06:12 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 437
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Касым ТЫНЫСТАНОВ
Касым ТЫНЫСТАНОВ
13:55

                    

                                 ӨМҮР ЖОЛ

 

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көл кылаасындагы Чырпыкты кыштагында төрөлгөн.

 

Атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат сабаты жоюлган адам болгондуктан Касым 7 жашка чыкканча эле араб тамгасында окуу-жазууну үйрөтүп койгон.

 
 
Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) өзбек мектебинде үч-төрт жылы окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус-тузем мектебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт.
 
Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту.
 
1918-жылы Ак падыша тагынан кулап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет.
 
1919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет.
 
1919-жылдан баштап, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган «Ак жол», «Учкун», «Тилши», «Өрүш» аттуу газеталарга казак тилинде ырлар жазып, ал ырларынын кээ бирөөлөрүнөн аягына «Кыт» деген лакап ат менен кол коюп турган.
 
Жалпы эле Касымдын казак тилинде жазган алгачкы ырларына казак элинин атактуу акыны Магжан Жумабаевдин таасири күчтүү болгон. Анткени, ошондо Магжан Жумабаев институттун Касым окуган группасына адабияттан лекция окучу.
 
Касым Ташкенттеги казак-кыргыз Эл Агартуу институтунда казак тилинде окугандыктан, 1920-1921-жылдарда алгачкы 12 ырын казак тилинде жазган. 1922-1924-жылдардын аралыгында жазган 18 ыры менен «Жаңыл Мырза» аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазган.
 
Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейинки казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен «Жаңыл Мырза» аттуу поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССРдин элдеринин Борбордук басмаканасынан «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен басылып чыккан. Ал отуз ырынын бирөө И. Крыловдун «Ийнелик менен кумурска» аттуу тамсилинин кыргызча котормосу болгон.
 
Касым Ташкенттеги Казак-Кыргыз Эл агартуу институтунун акыркы курстарында окуп жүргөн кезинде эле илимий ишке ат салыша баштап, казак, кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп, анын ишине активдүү катышат.
 
Касым ошол кезде Ташкент шаарында казак-кыргыз тилинде чыгып турган «Чолпон» жана «Жаш кайрат» аттуу журналдардын да редколлегиясынын мүчөсү болот. «Жаш кайрат» журналынын 1924-жылдагы, январь, февраль, март, апрель айларындагы 1-2-3-4-номурларына Касым «Мариям менен көл боюнда» аттуу өзүнүн туңгуч аңгемесин жарыялап, ага «Келгин» деген лакап ат менен кол коёт.
 
Касымдын сүйүүсү

Сүйгөн кызы - Көңдөй талаасынан, теңине албаган теңизбай уруусунун байы Жайылкандын Мариям деген кызы болгон. Касым ашыгы Мариямга кийинчерээк, студент кезиндеги көптөгөн ырларынан башка да "Мариям менен Көл боюнда" аттуу көлөмдүү аңгемесин чыгарат. Албетте, Касым Мариямга жетпейт. Биринчиден, ал жаш эле, үйлөнгөнгө али эртелик кылчу, окууга өтө дилгир бала окуп билим алсам дегенде ак эткенден так этчү. Экинчиден, тепкелик теңизбай уруусунун аксакал, көксакалдары аны "келгин", "саяк", "колунда жок" деп теңсинишчү эмес. Ошондон улам ал кийин окуп жүргөндө «Келгин» деген лакап атты пайдаланып жүргөн.
 
 
Мүнөзү жана жубайы

Өтө кичипейил, элпек, ишти өз учурунда бүткөрө билген адам болгон үчүн көптөрү жактырышчу экен. Өтө шайыр, меймандос да болуптур. Келинчеги Турдубүбү тамакты даамдуу жасаган, өзгөчө уйгур лагманын мыкты чойгон, канча киши келсе да кабагым-кашым дебеген жароокер жан экен.

 
Балдары

Касымдын улуу баласы Теңдик 1925-жылы туулган. Туугандарынын эскерүүсүнө караганда, Теңдик атасы Касымды жазбай тарткан өткүр, өтө зээндүү бала болгон экен. Теңдик 12 жашка келгенде Касымды дайынсыз жоготушуп, үйүн тоноп кетишкенден кийин акыл-эс кирип калган Теңдик энеси Турдубүбү менен тартпаган азапты тартып, сегиз жашар карындашы Бирдикти, беш жашар иниси Эркинди колунан жетелеп, "эл душманынын балдары" аталып, эч жакка батпай үйдөн үйдү кыдырып, баш пааналап калышкан. Кийин гана арадан үч-төрт жыл өтүп, баягы коркунучтуу аңдуу, себепсиз сүйрөп кетүүлөр токтолуп, ортодо аз убакыт болсо да тынчтык орноп, бирок эми ички эмес, сырттан кол салган, дагы бир жолу адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган согуш башталат. Жаңыдан бойго жетип калган Теңдик Улуу Ата-Мекенди фашисттерден коргоо үчүн согушка аттанат. Анда ал жаңыдан гана медтехникумга тапшырып окуй баштаган. Согушка кетип, башына ок тийип, жарадар болуп келгенден кийин 1945-жылы энесинин колунда кыйналып жатып каза табат. Үйлөнгөнгө үлгүрбөй, артында туяк калбайт.

 
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ:

1. Тилчи, окумуштуу. Жалпысынан тилге байланыштуу 12 китеби бар. 1936-жылы чыккан "Кыргыз тилинин синтаксиси" акыркы эмгеги.

2. Эл агартуучу. Эл агартуу маселелери боюнча көптөгөн докладдарды жасаган. Кыргыз Педагогика институтунун окутуучусу болуп эмгектенген. Кыргыз тилин орус алфавитине өткөрүү боюнча докладын 1937-жылы окуган.

3. Жетекчи. Кыргыз илимий комиссиясынын жетекчиси болуудан баштап, "Эркин Тоо" гезитинин, "Жаңы Маданият жолунда" журналынын редактору, маданий курулуш илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, директорлук кызматтарды аркалаган.

4. Драматург. "Академия кечелери", "Үч доор" тарыхый драмаларынын автору.

5. Акын-жазуучу. Эң алгач 1924-жылы казак журналына "Мариям менен Көл боюнда" аңгемеси жарыяланат. 1925-жылы "Касым ырларынын жыйнагы" аттуу китеби Москвадан басылып чыккан. Ыр, аңгеме гана эмес, табышмак, тамсил жаза билген.

6. Журналист. Гезит, журнал беттеринде илимий-педагогикалык, саясий, социалдык-экономикалык макалалары жарыяланып турган.

7. Котормочу. Ырлардан сырткары "Манас" эпосунун "Чоң казатын" орусчага которот. Ал которгон сап 3015 сап ырдан турат.

8. Маданий ишмер. Музыкалык фольклорчу, профессор А.В.Затаевичке Кетмен-Төбөдөн Токтогулду, Жолойду, Чоң-Кеминден Муратаалы Күрөңкеевди, Көлдөн Кара Молдону алдырып, алардын комуз жана кыяк күүлөрүн жаздырат. Өзүнүн онго жакын обону жаралган.

9. Манас таануучу. "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн мааниси" деген темада доклады бар. "Манас" айтуучулардын үнүн жаздырткан.

10. Тарыхчы. 1923-жылы В.В.Бартольдду Кыргызстанга чакырып, кыргыз элинин тарыхын жаздырткан. Этнограф С.М.Абрамзонду Кыргызстанга чакырып, музей уюштуруу үчүн аны директор кылып дайындаган. Касым Тыныстановдун түрдүү багытта жазган баалуу эмгектерин уурдап алышып, 1940-жылдардан кийин кээ бир адамдар анын эмгектери аркылуу илимдин кандидат-докторлору болгон сыяктуу. 1937-жылы аны камакка алып, үйүн тинткенде бир топ папка кагаздарын, китептерин И.Батманов органдын кишилери менен машинага салып жүктөп кеткен боюнча ал кагаздардан эч дайын жок. Кийин ал документ - кагаздарды Иса Ахунбаев да, Зияш Бектенов да издеп, эч жерден таба алышкан эмес.
 
Касым Тыныстанов 1938-жылы репрессияда курман болгон. 1957-жылы толук акталган. 

 
 
                      ЫРЛАРЫ:
 
                       Айрылуу

 

Жаз мезгили... өз кезегин түн баскан,

Ай он беште кат жазгандай нур чачкан.

Бир табыш жок... жалгыз гана жар таштан,

Аккан булак өмүрдүккө үн салган...

 

Ай шооласы жерди, көктү каптаган,

Бир өң берген, кийиндирген, актаган.

Көрөр көзгө күнчүлүктөн элестеп,

Жалгыз "кара” табийгы өңүн сактаган...

 

Кең укуктуу эркин ойдон чыкпаган,

Миңди сүйгөн бирдин зарын укпаган.

Күмүш түскө жер койнунда бөлөнүп,

Көпөлөк да жер кучактап уктаган.

 

Ушул түндө жалгыз бозой күзөткөн,

Белгилүү жол: "балан кез” деп шерт эткен.

Түн күндүздөй назик ишке жол бербес,

Дем алуу кем, селки жакка көз тиккен...

 

Бүгүнкү түн – акыркы түн сүйгөндүн,

Сүйүү жолдо азап чегип күйгөндүн.

Жыл ойногон, ай ойногон ашыктык,

Жаштык сырын жаш жүрөккө түйгөндүн.

 

Эртесинде эки жүрөк айрылмак,

Таза жүрөк дартка чалмак, кайгырмак.

Селки кетмек, айлык жолго, жат элге,

Сүйгөн досун өмүрлүккө калтырмак.

 

Булак үндүү бозой ойдо чубалган,

Мезгил үндү күткөн үмүт узарган,

Деген кезде селки чыкты короодон,

Түс өзгөрткөн, ак кийимге чулганган.

 

Кас кылгандай ай шооласын ашырды,

Корккондорго кош көрүндү, жашынды.

Эптеп селки бозоюна жеткенде,

Үн угулду, үй эшиги ачылды.

 

Колун берди "кош бол, жаным, мына” деп,

Колун алды” кош бол, жаным, көрөм” деп,

Айрылышты, кол силкишти өмүрлүк...

Өбүшүүгө ортодо там бербеди эрк...

 

Селки кетти ууру адымдап кайрылып,

Бозой калды укмагынан айрылып.

Айды ичинен сыр бербестен жек көрүп,

Ысык жашка бетин жууду кайгырып.
 
         МАНАС КҮМБӨЗҮ

Сай-сайдан чымырканып, кулатып таш,
Омкоруп кедергени кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас.
 
Күмбөздүн салынганын кандайчалап,
Болгонун нечен жүз жыл мурун эбак.
Манастын эл бакканын, эл чапканын,
Кимдигин, кандайлыгын чын аныктай,
Мурун да окуучуга сүйлөп берген,
Айлана дубалына жазылган кат.

Бул күндө ырахымсыз жат жолунан,
Мурунку жазуу, сызуу түшкөн урап.
Али да турат күмбөз таңыркатып,
Көргөндү ойлондурат көңүлүн тартып.
Алыста көрбөгөндү даңкы менен
Өзүнө куса кылат кумардантып.

Эрте-кеч тоонун жели жомок кылып,
Күмбөзгө толуп жаткан сырлар айтып.
Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөйт,
Уйкуда жаткан эрди кайраттантып.
Ала-Тоо асман менен деңгелдешип,
Көтөрүп көкүрөгүн, бой тирешип.

«Манасым эр ичинде экилтик» деп,
Талаш Айга, Күнгө теңештирип.
Капчыгай, бийик зоока, чер карагай,
Күмбөздү күзөтүшөт кезектешип.
Жылгадан туйлап аккан тунук булак,
Манастын сөзүн курат маектешип.
 
Элинин эт жүрөгү жараланып,
Эбакы өткөн күндүн изин чалып.
Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт,
Комузчу күңгүрөнтүп күүгө салып,
Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө,
Жашынын каны кызыйт, ичи жанып.

Какшаган комуз менен, муңдуу,
Жоктошот эр Манасын эсине алып.
Сай-сайдан чымырканып кулатып таш,
Омкоруп кедергени кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай,
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.

Таластын так боюнда чоң күмбөз бар,
Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас…
 
 

            ЖАҢЫЛ МЫРЗА
           (поэмадан үзүндү)

Жан менен ким сүйбөсүн тууган элди,
Кир чайкап, киндик кескен тууган жерди.
Тууган эл, туулган жер эмдебейби,
Капазда пайда болгон кайгы-черди.
Күн-түндөп, учкан куштай канат ирмеп,
Тууган жер Какшаал-Тоого Жаңыл келди.
Какшаалда кара туман, калың кайгы,
Кызыктуу, жыргалдуу күн жок илгерки.

Сан-сан миң, түмөн-түмөн мал айдаган,
Санаасыз кымыз ичкен, бээ байлаган,
Кайгысыз, убайымсыз ойгут элин
Багынтып алда качан кытай алган.
Сыйпалын эл көркүнөн, мал көркүнөн,
Жылаңач жалгыз гана кур тоо калган.
Өзгөрүш үрөйү суук башты чатып,
Сыр сүйлөйт калың арман …
Жаңыл аң-таң.

Какшаалды жел жапжалгыз эркин каптап,
Ый ыйлап, ырды да ырдап,күлүп шак-шак.
Махабат чеңгелинен өлгөндөрдү
Сөз кылат, күүгө салып, атын жаттап.
Күзгүдөй сайдын тунук булактары
Үн кошот махабатты а да мактап.
Жел ыры, булак үнү толкундатат,
Махабат түйүнчөгүн жүргөн сактап.

Сайрандап өсүп, өнгөн жерди илгерки,
Аралап, ит агытып жүргөн жерди.
Бакандай төрт азамат көмүлбөстөн
Ачыкта калган жарга Жаңыл келди.
Төрт жерде жангазандай эрдин башы
Кагырап жаткан экен аркы-терки.
Ысык күн, жору, кузгун мүлжүп бүткөн,
Таанылбайт кимдин башы кайсы экени.

Чөмөлөп эр баштарын кагыратып,
Карады Түлкү башын ажыратып.
Айырмасы баштан баштын кайдан болсун,
Эбакы куурап калган күндө жатып.
Жаңылды тиричиликтен жатыркатып…
Эпкиндүү азоо жүрөк алсызданат,
Өмүрдүн эң акыркы күүсүн тартып,
Колго алып жар кездигин сактап калган,

Жаңыл ооу жалгыз жандан бет бакпаган.
Кул болгун, мойнуңду сун махабатка
Кол созгон талапкерге карматпаган.
Мына бул чөмөлөнгөн баш алдында
Актап кал чындык сөзүн Түлкүгө айткан.
Өмүрдү торко электен миң өткөзгөн
Тынчысын азоо жүрөк тим жатпаган.
Элөөсүз эбактан ээн жаткан жарды,

Мазардай түргө салды эр баштары.
Омолгон шум кара жер оңбосунда!..
Бүлкүлдөп соруп жатты жылуу канды.
Уңгучул куу топурак кактап болду
Денинен чыкканынча Жаңыл жаны.
Кагышкан эр баштарын жыйнаганга
Жел мактап махабатгы күүгө салды…

Ой чиркин… күн экенсиң өткөн заман,
Тамшанткан, такылдаткан,таң калтырган.
Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,
Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган.
Бакыттуу бир күнсүң го түштөкүдөй,
Жаңылдай ири жандуу кыз урунган.
Ал өңдүү жыргал күндөр жылас болду,
Күңгүрөп долу комуз, муңкан, муңкан!..

 

 


Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 15376 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.5/21 |
Жалпы билдирүүлөр: 6
6 гулмира   (25.08.2014 00:09)
Саламатсызбы? Мага абдан Тыныстановдун 1936 -жылы чыккан Синтаксиси керек болуп жатат. Кайдан табам, же кайсы сайтта?

5 руслан   (05.03.2014 15:42)
касым тыныстановдой талантар дагы чыгаар бекен

4 Нурзат   (16.06.2011 10:44)
Касым Тыныстанов - уникалдуу талант.Ырлары менен бирдикте "Жаныл Мырзасынан" да үзүндүлөр кошулса-деген тилек.

3 Мастурбек   (25.05.2011 18:53)
аииии.....эркексн эркексин....

2 Райзат   (23.04.2011 05:07)
Жасалгасы бет абдан сонун жасалган. Азматсын, Алтынбек!!! Соз жок...

1 Atambay   (19.08.2010 11:19)
аптордун дагы ырларынан болду бекен. көптөп жүктөлүп турса жакшы болмок. ыр укмуш жакшы жазылган.

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр