Шаршемби, 17.04.2024, 03:27 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

«СҮЙҮҮНҮН СУЛТАНЫ ЮНУС ЭМРЕ» КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨГӨНДӨ…
[ ] 01.06.2009, 15:32
 

Белгилүү адабиятчы, сынчы, профессор Салижан Жигитовдун купулуна толуш ар бир эле акын-жазуучунун маңдайына жазылбаса керек. Таанымал жазуучулардын үстүнө дагы чагылган болуп чабылып иймей, жакшы чыкпай калган чыгармаларын алеки заматта уйпалап жибермей, бетке айтмай кыялы бар бул кишинин. Ошол киши бир жолу өзүнүн окуучусу, жаш акын Алтынбек Исмаилов тууралуу жылуу сөз айтканы бар. "Дурус ырлары бар, дитин коюп изденсе бул баладан чоң акын чыгат",- дегени эсимде. 


Айтканындай эле бүгүнкү күнү А.Исмаилов жаш акындардын алдыңкы сабында өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү менен суурулуп чыгып бараткан чагы. Анын жакында эле жарык көргөн "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре" аттуу котормо китебин чыгармачыл чөйрө жылуу кабыл алып, сынчылар да жогорку баасын беришти. Азыркы Түркиянын аймагында 13-кылымдарда жашап өткөн бүткүл жер жүзүнө белгилүү дервиш акын Юнус Эмренин чыгармаларынан которуп, китеп кылып чыгарган жаш акындын бул эмгеги анын кыргыз адабиятына кошкон салымы болду. Жакында эле автор жаңы китебинин бет ачар аземин өткөрүп, тарбиячыларынын, калемдештеринин, дос-тааныштарынын батасын алды. Гезитибиздин окурмандары үчүн автор китеби тууралуу азыноолак кеп кылып берди.

- Алтынбек, атактуу дервиш акын Юнус Эмренин чыгармачылыгына кандайча кызыгып калдың, анын чыгармаларын которууңа эмне себеп болду?

- Бул улуу акындын чыгармалары менен мурда анча-мынча тааныштыгым бар болчу. Кийин дипломдук иш жазарда агайларым менен акылдашып көрсөм "ушул дервиш акындын чыгармалары кыргызчага которулса дурус болот, жакшы чыкса китеп болуп басылып калгысы бардыр",- деп кеңеш беришкен. Анан чыгынып бир-эки чыгармасын которуп көрүп, катуу кызыгып калдым. Юнус Эмре 13-кылымда жашагандыктан эски түрк тилинде сүйлөгөн. Ошол себептүү анын тилин азыркы түрктөр өздөрү түшүнө бербейт. Атайын адистиги бар киши гана анын түп нускасын түшүнүп окуйт. Мен түрколог деген кесипти аркалап жүргөн адам катары түп нускасынан алып котордум. Анын үстүнө котормо дегениң бир жерде өсүп турган жаш көчөттү экинчи бир жерге алып барып отургузуп, анан аны кууратпай өстүргөнгө тете нерсе. Ага жакшы карабасаң, бүткүл дитиңди коюп эмгектенбесең эч нерсеге жарабай калат. Бул жагынан алганда колдон келгенин жасадым, эми калганын окурман өзү баалап алар.

- Азыркы шарттарда чыгармачыл адамдар үчүн жазгандарын китеп кылып чыгарыштын өзү эле чоң түйшүк болуп калбадыбы. Анын үстүнө элибиз мукурап тургандыктан китеп сатып алгандар да аз. Бул маселени кантип чечтиң?

- Азыркы заманда көп эле адамдар демөөрчүлөрдүн жардамы менен китеп чыгарып калышкан. Чыгармасын жазып коюп демөөрчү издеп жөнөмөй. Кээ бир акындар акчалуу адамдарга арнап ыр түрмөктөрүнөн чубалжыта коюшат да, алардын жардамы аркылуу башка ырларын кошо чыгарып алышат. А мен кайсы бир акимге, банкирге же базарларды башкарган байларга арнап ыр жазганды жаман көрөм. Ырларымдын арасын андай чолок саптар менен булгагым келбейт. Бул котормомду бир топ таланттуу балдарга жардам берип келаткан "Ыйык Атажурт" коомдук жаштар фондусунун жетекчилигине көрсөтүп, ошолордун колдоосу менен чыгарып алдым. Кайсы бирин мактап-жактап, жагалданып ыр жазганым жок. Тек гана ошол кишилерге чоң ыраазычылыгымды билдирем.

- Эми жаңы көз жарган китебиңдин тематикасы тууралуу айтып, окурмандарыбызга сүйүүнүн султанынан бир шиңгил сунуп өтсөң?

- Юнус Эмре сопучулук адабиятын негиздеген, сүйүүгө толгон жүрөгү менен Кудайды даңазалап ырдаган, көрпенделик турмуштан кеп салган, жалпы адамзатты жарыгы өчпөгөн түбөлүктүү жашоого чакырган дервиш акын. "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре" деп турса эле көп адамдар аял эркек махабаты тууралуу китеп экен деген ойдо калышыптыр. Бирок бул китеп Юнус Эмренин Аллага болгон чексиз сүйүүсү тууралуу. Анын Жаратканга болгон сүйүүсү ушунчалык бийик, ыйык болгондуктан ичи-иине батпай төгүлүп, мөлтүр саптар жаралып турган. Сөзүм куру болбосун үчүн анын "Сүйөлү, сүйүлөлү" деген ырын окуп берейин

Жарык нурга дүйнөнү,

Жалгыз эгем толтурат.

Сен өзүңдөн тап аны,

Сени менен олтурат!



Тирүү жүргөн пенделер,

Түркүк эмес, коноктой.

Өткөндөр бар, а бирок

Өз Кудайын тоготпой!



Туура, дурус жүргөнгө,

Тигил дүйнө узакта.

Көз жумгандар кайрылбайт,

Колу, буту тузакта!



Сүйүлөлү, сүйөлү,

Сенек иштер жеңилдейт.

Эч бир жанга бул дүйнө,

Энчиленип берилбейт!!!



Маектешкен Илим Жанузаков
http://www.zaman.kg,  07.10.2005

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 2282 | Жүктөө: 2 | Билдирүүлөр: 1 | Деңгээл: 5.0/2 |
Бардык билдирүүлөр: 1
0  
1 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:10) [Материал]
Мыкты которулган. Эў башкысы жан-дїйнєдєн єтїп жїрєктєн чыккан жалындай саптар маанисин жоготпой, тїгєтпєй келгенинде, азамат.

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр