Дүйшөмбү, 19.02.2018, 05:34 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 438
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

“ҮЧ АЗАПКА ЧЫДАГАНДАР ГАНА АКЫН ЖЕ ЖАЗУУЧУ БОЛУШУ МҮМКҮН”...
[ ] 22.01.2010, 12:56

- Алтынбек мырза, "Таш күзгү” ыр жыйнагынын өзөгү, тематикасы тууралуу айта кетсең?

- Аталган жыйнак элүү алты беттен турат. Бар болгону он беш ыр кирген. Баш сөзүн белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев жазган. Ар-намысты козгогон атуулдук ырлар менен сыбызгыдай сыздаган лирикаларды камтыган бул китеп кандайдыр бир даражада чоң дүйнөнү тааныткан күзгү сыяктанат. Жыйнакты окуган адам ошол күзгүдөн соңку кыргыз коомунун кардиограммасын көрүп, адалдыкка умтулган адамдын ыймандык чакырыгын угат, тили, дили кысылган кыргызды намыска чакырган инсандын дүйнөсүнө ортоктош болот.

- "Таш күзгү” ырын жаратып жаткан учурда түйшөлгөн жандүйнөңдү кантип соороттуң?

- Мен негизи ырды же сүйүнгөндө, же күйүнгөндө жазам. Чындап жүрөгүм канап, жүлүнүм сыздамайынча ыр жазалбайм. Ошондуктан көбүнесе түйшөлгөн жандүйнөмдү соороту үчүн ыр жаратканга аргасыз болом. Элдин ыйын, желдин муңун, жердин бугун жүрөгүмдөн өткөрүп, көөдөнүмө сыйбаган ички сезимдеримди кагазга түшүргөн соң бир кыйла жеңилдеп калам. Ошол себептүү "Таш күзгүнү” жазып жатып, бир чети кыйналсам, бир чети үстүмдөгү оор жүктү алып ыргыткандай, жаным сеп алгандай болду.

- Сен ыр жазгандан сырткары котормочулук жүктү да аркалап келе жатасың. Котормочулукка кандайча киришип калдың? Эмне түрткү берди?

- Котормочулукка кокустан келгем. Университетти аяктап жатып дипломдук иш жазмакчы болдум. Тема издеп маркум устатым Салижан Жигитовго келсем, ал киши: "Он үчүнчү кылымда жашаган түрктөрдүн Юнус Эмре деген дербиш акыны бар, ошонун ырларын кыргызчага которуп, талда” деп калды. Мен дароо макул болуп, Юнус Эмренин ырларын таңдануу менен, тамшануу менен котордум да, колдон келишинче талдап, дипломдук иш жазып салдым. Баш-аягы бир жылдай эмгек сарптадым. Жазган дипломдук ишимди коргогон күнү жеиекчим Жигитов баш болуп, комиссиянын бардык мүчөлөрү жактырышты, жогору баа беришти. "Кыргыз окурмандары үчүн аба менен суудай зарыл болчу эмгек экен. Андыктан китеп кылып чыгар” дешти. Анан көп өтпөй демөөрчүлөр табылып, 2005-жылы ошол эмгегимди "Сүйүүнүн Султаны Юнус Эмре” деген ат менен "Бийиктик” басмасынан жарыкка чыгардым. Окурмандар жылуу кабыл алышты. Миң нуска менен жарыяланган эле, заматта сатылып кетти. Ышкыбоздордун суроо-талабы боюнча, ошол китептин экинчи басылышы жакында кайрадан жарык көргөнү турат. Айтор ушул эмгек аркылуу котормочулук жүктү аркалап калдым. Рамис акын айткандай, "котормо, котормо, май куюп коет моторго”.

- Өзүң жаш болсоң да ат көтөргүс жүктү артынып, бир топ ийгиликтерге жетишип келесиң. Мунун сыры эмнеде?

- Биринчиден, мындай ийгиликтерди багындырып жибердим деп мактангандан алысмын. Экинчиден, аздыр-көптүр жетишкен ийгиликтеримин ачкысы, сыры мына булар деп так кесе айта албайм. Бар болгону ийгиликке жетүү үчүн беш пайыз талант, токсон беш пайыз эмгек керектелерине ишенем. Ошол себептүү тишиң барда таш чайна демекчи, жаштык жигер менен карууну казык, канды азык кылып, колдон келишинче иштеп атам. Азыркы жазып-чийгендерим качандыр бир кезде кимдир бирөөлөргө пайдасы тийсе, ошондо чындап ийгиликке жеттим деп айтсам керек эле. Эми аны мезгилден күтүш керек...

- Акындык чеберчиликти кандай баалайсың?

- Менимче, акындык чеберчиликтин мааниси өтө чоң. Бул нерсе болмоюнча оригиналдуу ыр жаралбайт. Бул нерсе болмоюнча акын капаска камалган куш сыяктуу бир ордунда жата берет. Анан калса акындык чеберчилик деген бирөөдөн сатып алчу буюм, же уурдап алчу тыйын эмес. Ал деген атанын каты, эненин сүтү менен келчү Жараткандын белеги деп ойлойм.

- Сени чыгармачылыкка таптаган саяпкериң ким?

- Мени чыгармачылыкка таптаган эки устатым бар. Бири Ош шаарындагы Кыргыз-түрк "Сема” лицейинде окуп жүргөндө акындык шыгымды ойготкон устатым, кыргыз тил жана адабият сабагын окуткан эжейим Аширгүл Токтоматова. Ал эми экинчиси университетке келген соң "чоң казанга салып кайнаткан” устатым, маркум Салижан Жигитов. Мына ушул эки кишинин бири мени адабият айдыңына алып келген мүнүшкөрүм болсо, экинчиси чоң жарышка даярдаган саяпкерим болду деп айтар элем.

- Жакында эле Баку шаарында өткөн Тектеш түрк калктарынын поэзия майрамына кандайча катышып калдың?

- Мындай Эл аралык поэзия майрамдары башка өлкөлөрдө жыл сайын өтүп турат. Айрыкча Түркияда көп белгиленет. Алгачкы жолу "Юнус Эмре” жарыкка чыккан жылы Крымда өткөн тектеш түрк элдеринин поэзия фестивалына чакыруу алып, ошого катышып келген элем. Мына ошондон кийин жыл сайын чакыруу жөнөтүп турушат. Жыл сайын дүйнонүн ар кайсыл жерине барып, катышып келем. Быйылкысы Азербайжандын борбору Баку шаарында өттү. Кыргызстандан эки киши бардык. Бири – акын Кыялбек Урманбетов, экинчиси – мен. Үч күнгө созулган бул кечеде Кыялбек Урманбетов экөөбүз Каспий деңизинин жээгинде кыргыздын ырын жаңыртып, жүзүн таанытканга аракет кылдык. Башка акындардан айырмаланып биздин образга кирип жатка окуган ырларыбыз көрармандарды катуу тамшандырды.

- Жазгыч акындардын ичинен алгачкылардан болуп DVD дискиңди чыгарган экенсиң...

- Былтыр "Таш күзгү” деген туңгуч ыр жыйнагымды чыгарып, ошол китептин бет ачар аземи менен бирге жеке чыгармачыл кечемди өткөргөн болчумун. УТРКнын концерттик залында өткөн ошол лира кече баштан аяк тасмага тартылып, көгүлтүр экран аркылуу жалпы журтка көрсөтүлгөн эле. Мына ошол тасманы өз алдымча дагы бир ирет электен өткөрүп, куйрук-жалын тарап, анан DVD дискке айландырдым. Жалпак тил менен айтканда, дисктин өзөгүн лира кече түздү. Ырларымдын айрымдарын өзүм окусам, айрымдарын замандаш, каламдаш акын агаларым менен досторум окушкан. Андан сырткары кызыктуу суроо-жооптор жана обондуу ырлар орун алган. Ойлоп көрсөм, буга чейин биздеги бир да жазма акын өзүнүн дискин чыгарбаптыр. Мен баштап койдум, калганын мезгил көрсөтөр...

- Интернет сайтыңды ачуудагы негизги максатың эмнеде?

- Учурда кыргыз калемгерлери интернет деген нерсеге көңүл бөлбөй жатышат. Мына карап көрсөңүз, азыр бизде бир да акын жазуучунун интернет сайты жок. Атүгүл бакыйган жазуучулар союзу интернет сайт ача элек эмдигиче. А чет өлкөнү мындай кой, өзүбүздүн эле коңшулаштарыбыз казактар менен өзбектер бул жагынан кыйла алдыга кетишти. Улууларынан тартып жаш жазмакерлерине чейин жеке интернет сайттары бар. Каалаган авторуңузду интернеттен таап аласыз. Чыгармаларын ошол жерден окуй бересиз. Ал эми биздечи? Эч кимиси бул тууралуу ойлоно элек. Акыры жүрүп олтуруп кагаз китептердин ордун электрондук китептер менен интернет сайттар тартып аларын таназарга алышпай жүрүшөт. Мен мына ушул нерсени эске алып, былтыр жеке сайтымды ачканмын. Ичинде баары бар. Китебимди, дискимди жайгаштырдым. Андан сырткары кыргыз акын, жазуучуларынын тандамал ырлары менен аңгеме, повесттери орун алды. Кызыккар төмөнкү дарекке кирип, алабият ааламына саякат жасача болот. www.altynbek.ucoz.com

- Китеп же дисктерди чыгарууда каражат жагынан демөөрчүң болдубу?

- Жок, азырынча өзүмө-өзүм демөөрчүмүн. Жардам сурап эч кимдин эшигин жыртып, эч кимге жаман көрүнгүм келбейт. "Таш күзгүнү” былтыры чама-чаркыма жараша, 500 нуска менен «Бийиктик» басмасынан чыгарган болчумун. Кудайга шүгүр, бир айга жетип-жетпей, сыясы кургай электе эле күйөрмандар талап кетишти. Анан окурмандардын суроо-талабы боюнча экинчи жолу кайра бастырдым. Ага кошуп DVD диск чыгардым дегендей... Негизи адабият айдыңында аргымак таптагысы келген калемгерлердин маңдайына жазылган үч азап бар. Бул кайсыл азап? Биринчиси, сөз азабын, ой азабын тартып, ар бир сөздүн, ар бир саптын түбүнө түнөп, чыгарма жаратуу. Экинчиси, ошол ыйынып-ычкынып, боор этинден жаратып алган чыгармаларды китеп кылып чыгаруу. Үчүнчүсү, капчыгыңды кагып, ыйлап-сыктап чогулткан каражатыңа чыгарган китебиңди калың элдин катмарына, окурмандарга жеткирүү. Мына ушул үч азапка чыдагандар гана бүгүнкү күндө акын же жазуучу болушу мүмкүн.

- Алдыда дагы кандай чыгармачылык пландарың бар?

- Алдыда чети оюлбай жаткан бир топ пландар бар. Учурда даанышман акын Мевлана Желаледдин Руминин ырларын кыргызча сүйлөтүп жатам. Буюрса, ушул жылдын аягына чейин ошону өзүнчө китеп кылып чыгарсамбы деген ниеттемин.

Маектештен Самара КАБЫЛБЕКОВА

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 1565 | Жүктөө: 1 | Билдирүүлөр: 1 | Деңгээл: 5.0/3 |
Бардык билдирүүлөр: 1
1 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:30)
Ак жол каалайм, акын иним, баштага ишиў байсалдуу болсун!

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр