Жума, 29.03.2024, 08:17 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

“КӨП ЫРЧЫНЫН ТЕКСТТЕРИН ЖИЛИКТЕЙМ!”
[ ] 26.05.2012, 16:25

Биздин ата-бабаларыбыздын ар бир сүйлөгөн сөздөрүндө терең философиялуу ойлор жатат. Аны биз чоң ата, чоң апаларыбыздан угуп жүрөбүз. Кыргыз калкын башка элдерден айырмалап турган нерсе мына ушунда болсо керек. Тилекке каршы, учурда батыш тарапка ыктап кетип тилибиз да өз кунарын жоготуп бараткансыйт. Бирок ошол ата-бабаларыбыздын өнөрүн улап келаткан акындарыбыз да жок эмес. Андыктан бүгүнкү маегибиз жаш акын Алтынбек Исмаилов менен болмокчу. Кызык жери маектешибиз биздин суроолорубузга жалаң ыр менен жооп берип жарпыбызды аябай жазды.

11-май, 2012-ж., "Обон" гезити

 

 

Акын болуп калганыңыздын себеби эмнеде?    

– Ачык айтсам КЫСКА-НУСКА мен эми,

АКын болуп калганымдын себеби:  

АКыйкатты, АКыйкатты жазгын деп,  

Ал Кудайдын мага берген "БЕЛЕГИ”...  

–  Ачык кийинген кыздарды көргөндө ичиңизден эмнени ойлоп коёсуз?  

–  Көрсөтүшүп куйрук менен киндигин,

Кийим кийсе кыздар туурап бир-бирин...  

Айгинелеп жатышат го деп коём,

Акылы кем, жан дүйнөсү КИРДИГИН!    

–  Сиздин оюңузча, чыныгы эркектер кандай болушу керек?  

–  Жеңил-желпи камгак сымал делдектей

Жан бакпастан, жоону тоскон желдеттей  

ЭЛДИ, ЖЕРДИ, АР-НАМЫСТЫ туу тутуп,  

Эркек деген болуш керек ЭРКЕКТЕЙ!     

–  Азыркы сиз менен тең тайлашып чыгып келаткан акындардан өзүңүздү бийик  коёсузбу?  

–  Жок, ушинтип ойлогондон алысмын,

Жакшы жазган жаштар АРБЫН калыс, тың.  

Мен аларга атаандашпайм, тек гана

–  Мамлекет башчыларыбыздын дарегине коркпостон, алардын кылган       иштерине өзүңүздүн оюңузду ачык айта аласызбы?

– Жүрөксүнбөй, бүжүрөбөй, кысынбай,  

Жазып, айтып келем СЫНДЫ кышын-жай.  

Чыйт түкүрүп басып жүргөн жарабайт,  

ЧОҢ КУРСАКТАР элди эзсе ушундай?!

–  Алгачкы эт-бетиңизден кетип, кыйналган аруу махабатыңыз жөнүндө айтып  бербейсизби?

– Ээ, карындаш, эргип ээн баш сезимден,      

Эс-мас болгом, өрүк сымал эзилгем...     

Сүйүктүүмө үйлөнгөнмүн акыры,    

СҮЙҮП ЖҮРҮП тангычакты эсимден!  

– Азыркы учурда жүрөгүңүздү өйүгөн маселеңиз барбы?       

– Эч төрөлбөй РАЗЗАКОВДОЙ уулдары,          

Элдин зарлап, башын ташка урганы           

Эт жүрөктү өйүп келет жана да          

ЭНЕ ТИЛДИН жетимсиреп турганы!..      

–  Кыйынчылытарды кантип жеңесиз?         

– Үмүт, максат тегеренип канымда,            

Үзгүлтүксүз каршы сүзөм агымга...           

Үрөп жанды турмуш менен күрөшсөм,           

Үн угулат тээ түпкүрдөн: "БАГЫНБА!”              

–  Өмүрүңүздө элиңиз, жериңиз үчүн кандай пайдалуу иш кылдыңыз?       

– Колко кылып кылдай кызмат, жумушун,          

Кыйынсынып ТӨШ КАККАНДАР курусун!          

Эмгегиңдин мезгил өлчөп салмагын,          

Эл аныктайт БУРУШ менен ДУРУСУН...      

–  Улуу акындардан кимдин эмгегин баалайсыз?       

– Кимдин ыры күйүп КҮНДӨЙ, жалындай          

Келген болсо мезгилдерге багынбай,          

Бакыт конгон САПТАРЫНА суктанып,          

Баалайми аны көзгө сүртчү дарымдай.               

–  Кимге окшошкуңуз келет?      

– Өзгөлөрдү ырас, окуп, коштодум,          

Өзүмөбү, БИЛБЕЙМ кимге окшодум.          

 Мейли мыкты акын болбой калсам да,          

Мен ӨЗҮМӨ өзүм келет окшогум!     

–  Анда-санда ыгы келсе бөдөнөнүн сүтүнөн ууртап коёсузбу?    

 – Буулуктуруп кыйнаса да ИЧТЕГИМ,          

"Бөдөнөнүн сүтүн” такыр ичпедим.          

Ансыз деле МАСКА толуп кетти го,        

Айыл-кыштак, жадагалса Бишкегим!     

–  Той башкара аласызбы?       

– Той дейсиңби, ага сейрек баш багам,          

Тойгучакты ТОСТ уккандан чарчагам...          

Аш-той эмес, ашканада көп жүрчү,          

Азырынча АЯЛЫМДЫ башкарам!                

–  Кой соё аласызбы?      

– Дүйнөң түшкүр, АКЫН ЖОЛУ бийик бейм,          

Дүйнө кезген дербиштерди иликтейм...          

Кой сойгонго КОЛУМ барбайт, а бирок        

 Көп ырчынын тексттерин ЖИЛИКТЕЙМ!  

      

–  Балдарыңыз акын болуп чыкса, каршы эмессизби?       

– Жетет менин акын болуп калганым:          

Жетет менин КУЙКАЛАНЫП, жанганым!          

АПЕНДИНИН турмушуна кызыкпай,          

АКИМ болсун деп тилеймин балдарым...

                                          Маектешкен Жылдыз Мамбеталиева

/span>

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 3360 | Жүктөө: 0 | Билдирүүлөр: 1 | Деңгээл: 0.0/0 |
Бардык билдирүүлөр: 1
0  
1 Айзат   (29.06.2013 16:22) [Материал]
Саламатсыздарбы.Ушул жооп берилген ырлар мурда жазылганбы же ошол жерде жаралганбы?

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр