Бейшемби, 28.03.2024, 21:26 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

"КИТЕПКЕ ЭМЕС, ПИКЕТКЕ УМТУЛГАН ЖАШТАР КӨБӨЙДҮ"...
[ ] 13.08.2012, 23:22

      Жаш болсо да адабият айдыңына ишенимдүү кадам шилтеп кирип келген Алтынбек Исмаилов окурман журтуна "Таш күзгү”, "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре” аттуу ыр жана котормо жыйнактары аркылуу таанымал. Ыр жазуу менен бирге мугалимдик кесипти аркалап, учурда Кыргыз-Түрк "Манас” университетинде студенттерге дарс окуйт. Акын менен болгон маек сиздердин назарыңыздарда.

                                                                 Июнь, 2012-ж., "Сериал" гезити

-    Акындыктын эң жакшы жана эң жаман эки жагын айтып бере аласыңбы?

-         Жакшы жагы – аруу дүйнөгө баш багып, арзуу дүйнөгө каш кагып барганың, жаман жагы­ – ыплас нерсени көргөн сайын көзүңдү жаш чалып, үшкүрүгүң таш жарып калганың...

Балалыктын изи калган жерлерди сагынасыңбы?-        

-         Албетте сагынам. Мен билгенден акындардын эсинен эки нерсе түк кетпейт: бири ­– туулуп өскөн айылы, экинчиси ­– эс-мас кылган айымы... Айтор, айылдын абасындай таза, булагындай мөлтүр, тоосундай бийик, шибериндей жыттуу, гүлдөрүндөй назик балалыктын аруу дүйнөсү баш калаага жеткенде ылайланып, түнөрөт экен. Шамал өпкөн шагыл жолдон башталган из шайтан аралаган шоссеге келгенде түгөнөт экен ...

Чыгыш поэзиясы сени эмнеси менен арбап алды?-        

-         Чыгыш поэзиясы мени сабынын кыскалыгы, оюнун нускалыгы, мазмунунун тереңдиги, масштабынын кенендиги менен арбап алды.

Достордон көңүл калганда эмне кыласың?-        

-         Кудайга шүгүр, азырынча достордон көңүл кала элек. Мен да алардын көңүлүн оорутуп, жүрөгүн жоорута элекмин. Кыскасы мен аларды, алар мени бир туугандай көрүшөт, кайгы-кубанычымды ар дайым тең бөлүшөт.

Адам бузулдубу же заман бузулдубу?-        

-         Менимче, экөө тең. Заманды адам, адамды заман бузду.

-         Кара сөз жазуу оюңда барбы? Акын алжыганда кара сөзгө өтөт дегенге кошуласыңбы?

-         Салижан агай тамашалап: "Акындар ыр жазалбай калганда кара сөзгө өтөт, кара сөздөн каржалганда драмага ооп, драма чачрчатканда котормого ыктап, котормо колунан келбей калса сынга ыктайт”, - деп айтчу. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин билбейм, бирок ар ким чама-чаркына карап жаза бергени оң. Алыбек алына жараша дегендей, кайсыл жанрга күчүң жетсе, ошол жанр боюнча кетенчиктебей иштей берсең, акыры көздөгөн максатыңа жетесиң.  Болбону көрүнгөн жанрга көз артып, ар бирине ат үстүнөн мамиле жасаган адам, көп коёнду кубалап жүрүп соңунда бирөөнү да кармай албай калган аңчыга окшош. Ошон үчүн алың жеткен, жүрөгүң сүйгөн жанрдын майын чыгара иштешиң керек. Өзүмө келсем, азырынча ыр жазып, котормо менен алектенип жатам. Анткени Рамис акын айткандай "Котормо, котормо, май куюп турат моторго”...

Кыргыз адабиятынын келечеги барбы?-        

-         Бар албетте. Кезегинде тунгуч калемгерлерибиз кышын кынап, ташын тизген кыргыз профессионал жазма адабиятынын түндүгүн бийик көтөрүп, керегесин кере турган жаштар келерине толук ишенем.

Эл-журттун тагдыры сени ойлонтобу? -        

Калктын ыйын тыңдап атып,-        

Көңүл канайт муңга батып.

Азап тартап Ата-Журттун,

Арман, муңун ырдап атып...

Сулуулук деген эмне? Изгилик деген эмне?-        

-         Мен үчүн сулуулук бул­ - аруулук, изгилик бул – баалуулук...

Балдарга кандай тарбия берсе, жакшы адам болуп чыгышат?-        

-         Менимче, балдарга кечке канкакшап дидактикалык тарбия берүүнүн кажети жок. Ата-эне перзентине жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, кылган иши, жасаган мамилеси менен үлгү боло алса, мындан өткөн таасирдүү тарбия жок. Маселен чылым тиштеп турган эне кызына кайрылып: "Кызым, тамеки чекпе!”, - десе, же арак ичип келген ата уулуна сөөмөй кезеп: "Балам, арак ичпе!”, - деп акыл айтса, андан майнап чыгабы?

Ата-энең кимдер болгон, сага кандай тарбия бере алышты?-        

-         Өзүмдүн ата-энем экөө тең дарыгерлик кызматты аркалап, шаарда жашаса, а мен айылда таята, таэнемдин колунда тарбияландым. Улгайып бараткан абышка-кемпир бизге эрмек болсун деп ымыркай кезимде алып кетип, темир канат болгуча абдан жакшы тарбиялашты. Кеменгер кишилер болчу. Кийин шаарга келдим ата-энемдин колуна. 11-класты аяктап жаткан кезде: "Биздин жолубузду жолдоп дарыгер болбойсуңбу”, - деп калышты. А мен: "Жок, мен кандан корком, дарыгер боло албайм. Мен акын болом”,- деп жооп бердим, - Силер адамдардын физикалык денесиндеги илдетти айыктырсаңар, мен алардын рух дүйнөсүн дарылаган акын болом”. Ошону менен сөз бүттү...

Алгачкы махабатың эсиңдеби?-        

Алгачкы махабатым жөнүндө ошол кезде мынтип ыр жазгам:-        

Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,

Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.

Өзгө адамды жактырарың укканда,

Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

 

Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?

Билик жандын өрт алышын күсөймүн.

Куу жыгачтай болгон менен кебетем,

Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

 

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,

Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.

Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,

Сенден башка адамга да керекмин?!

 

Жолоочудай күндө сага кезигем,

Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.

Өзөк жанды мите курттай кемирип,

Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!

Кийин бул темага таптакыр кайрылган жокмун.

Көрө албастыктан кантип коргоносуң?-        

-         Көрө албастык деген сөздүн өзү эле айтып турбайбы "көр албайт” деп. Мындай адамдарды жадагалса өлгөндө да гөр албайт турбайбы. Бекеринен жаман кишинин мүрзөсүнөн таш чыгып, өз гөрүнө батпай калыптыр, жер аны албай коюптур деп айтылбаса керек. Ошон үчүн аларга боор ооруш керек. Аларды түшүнүш керек...

Акындар жазган ырлардын кимге пайдасы бар деп ойлойсуң? Айрыкча азыркы интернет заманында китеп окуган жаштар калдыбы деги?-        

Менимче, чыныгы акын акча таап, пайда көрөйүн, өзүмдү-өзүм сыйлык-наам, атак-даңкка бөлөйүн деп ыр жазбайт. Ал коомдогу оң-тетири көрүнүштөргө кайдыгер карай албай, өз оюн ыр аркылуу билдирет. Элдин кубанычына сүйүнүп, кайгысына жүрөк канатат. Мына ошол күйүп-бышып жазган чыгармалары кимдир бирөөнүн көз карашын өзгөртсө, дүйнө таанымын кеңейтсе, ойгонууга жана ойлонууга түртсө, ошол гана калемгер үчүн чоң олжо. Албетте, азыр китепке эмес, пикетке умтулган жаштар көбөйбөдүбү. Анан калса, азыр адабияттын "күндөштөрү” кыйла алдыга озуп кетти. Башкача айтканда, адабиятка караганда интернет менен кино көбүрөөк "кызып” турат, ушул экөө улан-кыздарды көбүрөөк кызыктырат. Ырас, китеп окуган бала менен окубаган баланын ортосундагы айырма асман менен жердей. Ошондуктан бүгүн өз оюн кагазга эркин түшүрө албаган, өз оюн эркин айталбаган, аралаш тилде сүйлөгөн келегей тилдүү жаштардын саны арбып баратпайбы...  -        

Сен, мен жашаган Бишкек шаарынын акыр-чикирге толгон көчөлөрү канткенде тазарып, шаар борбор атына татыктуу болот?-        

Бул жөнүндө бир топ жыл мурда жаным кашайып мамындай ыр жазгам:-        

Ичкилик

Ичкиң келсе

Чамаң жеткен,

Жер тырмап

Өмүр бою

Жармага

Араң жеткен

Чор таман,

Чор кетпеген

Колдоруң бар!

Жамалган

Чал-кемпирдин

Дамбалындай,

Жадатма

Жыртык-тешик

Жолдоруң бар!

Желеге

Тизген тайдай

Жылаңач

Сойкуларга

Батпай кеткен,

Коноктор

Келсе кокус,

Жийиркенип

Жарым күн да

Жатпай кеткен,

Кароосуз,

Кир каптаган

Борборуң бар!

Мунун баарына өзүбүз күнөөлүбүз. Таштанды салынчу урналар турса да аны көрмөксөн болуп, колубуздагыны көрүнгөн жерге ыргытып кете беребиз. Өзгөчө көчөдө баратып какырып-түкүрүнгөн жаштарды көргөндө жаның кашайып, каның кайнайт. Бул эми барып турган маданиятсыздыктын, аң-сезимдин төмөн экендигинин белгиси деп ойлойм. 

Жазып жүргөн жаштардан кимисинин идиреги бар деп ойлойсуң?-        

-         Кудайга шүгүр, таланттардан уучубуз кур эмес. Жүрөгүндө деми бар, жүлүнгө жетер кеби бар, ташты чайнап кум чыгарчу, жумурткага жүн чыгарчу, караңгыда күн чыгарып, балыктардан үн чыгарчу идиректүү калемгерлердин жоон тобу келатат. Буюрса, баарын келечек, мезгил көрсөтөт.

Акын үчүн үй-бүлө күтүп, ата-эне болуу бактысы маанилүүбү же эркин жүрүп, чыгармасын жаратуу маанилүүбү?-        

Экөө тең маанилүү. Башкача айтканда, акын деле жөкөй адамдар сыяктуу үй-бүлө күтүп, бала тарбиялайт, эл катары өмүр сүрүп, күнүмдүк көр оокат менен алпурушат. Бар болгону алар эргүү келип, илхам даарыганда гана эркиндикти самашат.  Ал эми башка учурда эч кимден айырмасы деле жок алардын. Кыскасы:-        

Ыр жазып кыялдардын учагында,-        

"Ысык ой” тыбырчылайт кучагымда.   

 

Талп этип кайра жерге кулап түшөм,

Талпынып бийиктикке учамын да...

Алдыга койгон максаттардын чекесин чыгара кетсең?-        

-         Учурда суфий акындардын ири өкүлү Желаледдин Руминин ырларын кыргызчалап жатам. Буюрса, ушул жылдын аягына дейре өзүнчө китеп болуп жарыяланып калар...

Дүйнөлүк жаңы адабияттан кимдерди окуйсуң?-        

Буга чейин чыгыш менен батыштын адабий мурастарын өздөштүрүп, орус адабияты менен коңшулаш элдердин чыгармаларын окуп келсем, учурда түрк адабиятын аралап жүрөм. Тагыраак айтканда, түрк тилдүү калктардын ичинен биринчи жолу адабият багыты боюнча "Нобель” сыйлыгын багындырган түрк жазуучусу Орхан Памуктун китептери менен баарлашып жатам. -        

                                                               Назгүл ОСМОНОВА

 

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 4097 | Жүктөө: 0 | Деңгээл: 5.0/1 |
Бардык билдирүүлөр: 0
 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр