Шейшемби, 16.04.2024, 12:53 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

«КЫЗДАРДЫ ЭМЕС, КЫРГЫЗДАРДЫ СҮЙӨМ…»
[ Көчүрүү(875.5 Kb) ] 25.12.2009, 17:57
 
Жазгүл Жамангулова

Алтынбек Исмаилов,Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,  Кыргыз-Түрк "Манас” университетинин окутуучусу, жаш акын.

"Акын келечектен жарык издеп баратат...”

 
 
Алтынбек барга бапыраңдап, жокко жонун тоскон карапайым калк тууралуу жасалма сөз желинен куралган ырлар жазып, бул жалган дүйнөдө «мен акынмын!» деп кыйкырып турса деле жарашмак, «Акын эмессиң!» деп эч ким айтмак эмес… айрыкча, акыны да, акими да көп, бирок уяты жок ушу заманда.
Алтынбек антпеди. Ал эштектерди алдагысы келбеди. Карапайым калктын кайгы-касиретин, азабы менен тозогун, күн чыккандагы кубанычы менен күн чыккандан кийинки түйшүгүн… жаап-жашырбастан, болгонун болгондой ырдады."

Шайлообек Дүйшеев, КР Эл акыны

Эки ооз сөз

- Шапалактай алгачкы жыйнакка эмне сыр каттың?

- Мезгил өткөн сайын, адабияттын агы менен карасын мурдагыга караганда жакшылап тааный баштайт экенсиң. Бара- бара чыгарманын көлөмүнө эмес мазмунуна, сапатына көңүл бура баштадым. Өзүмө жаккандарын иргеп алып, аз болсо да саз болсун деп ушул шапалактай китепке киргиздим. Себеби акын окурмандарын жана өзүн сыйлаш керек.

-Бирөөнү аябай сындап каласың, эми өзүң да окурмандардын элегине түштүң?

-"Себеби жок сындай бербей бирөөнү,
Сен өзүңдөн изде досум күнөөнү”,- дегендей мен бүгүнкү күндө элдин алдына чыгып алып, толук кандуу " мен акынмын” деп айткандан алысмын. Аны окурмандар айтыш керек. Мезгил айтыш керек.


- Эмне себептен сүйүү темасында ыр жазбайсың?

-Ыр жаза баштаган күндөн тарта, өзүмдүн бир принцибим бар: "жасап жазбай, жашап жаз” деген. Ошол себептүү кандай ыр жазбайын жашап жазам. Мүмкүн кыздарга караганда кыргыздарды көбүрөөк сүйөттүрмүн. Чындап сүйүү келмейинче мен ал темага кайрылгым келбейт. Бирок кыргыздын ыйын, кыргыздын муңун жаза берем.



 
Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 3866 | Жүктөө: 232 | Билдирүүлөр: 5 | Деңгээл: 4.5/2 |
Бардык билдирүүлөр: 5
0  
5 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:24) [Материал]
Акын эли-жери їчїн жаралат, андыктан анын башкы миссиясы ошол эли-жерин сїйїї! Махабат сени єзї бир кїнї капысынан айттырбай, кїтїлбєгєн жерден таап алат да жетелеп, жок, учуруп жєнєйт. Ага чейин майда-чїйдє сезимдерге алаксыба, жолдон адаштырат.

0  
4 akbermet   (11.05.2011 19:41) [Материал]
журок кыргыз деп согобу же кыз деп согобу негизгиси бул ааламда тынчтык болсун!

0  
3 улик   (23.03.2011 13:16) [Материал]
Туура кыласыз, кыздарды башкалар деле суйуп жетишет, а кыргыздарды..........

0  
2 Begayim   (23.11.2010 21:04) [Материал]
Сиз ушул жашка чейин суйууго кабылбасаныз чыныгы жашоонун даамын биле элек экенсиз!

0  
1 Айжана   (01.10.2010 16:51) [Материал]
Демек кыз суйоо элек экенсиз да...а мен ойлогом...

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр