Шаршемби, 24.04.2024, 05:46 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

«МЫНДАН КИЙИН АДАБИЯТКА «ЖЫЛАҢАЧ БААТЫРЛАР» ГАНА КЕЛЕТ…»
[ ] 19.09.2009, 13:19

30-июнь-6-июль, 2009-жыл, «Обон» гезити

 
Акыркы убакта кыргыз адабиятында бир топ жаңылануулар байкалып, жаш акындардын жасаган иштери жүрөк жылытат. Кыргыз жазма акындарынын ичинен алгачкылардан болуп DVD диск чыгарып, интернет булагынан өзүнүн сайтын ачкан Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз-Түрк "Манас” университетинин окутуучусу, жаш акын Алтынбек ИСМАИЛОВ биз менен маек курду.

 

 

- Алтынбек мырза, "Таш күзгү” деген аталышта DVD диск чыгарган экенсиз.  Менимче, кыргыз жазма акындарынын ичинен биринчилерден болуп сиз чыгардыңыз окшойт.

 

- Туура айтасың. Былтыр "Таш күзгү” деген туңгуч ыр жыйнагымды чыгарып, ошол китептин бет ачар аземи менен бирге жеке чыгармачыл кечемди өткөргөн болчумун. УТРКнын концерттик залында өткөн ошол лира кече баштан аяк тасмага тартылып, көгүлтүр экран аркылуу жалпы журтка көрсөтүлгөн эле. Мына ошол тасманы өз алдымча дагы бир ирет электен өткөрүп, куйрук-жалын тарап, анан DVD дискке айландырдым. Жалпак тил менен айтканда, дисктин өзөгүн лира кече түздү. Ырларымдын айрымдарын өзүм окусам, айрымдарын замандаш, каламдаш акын агаларым менен досторум окушкан. Андан сырткары кызыктуу суроо-жооптор жана обондуу ырлар орун алган. Ойлоп көрсөм, буга чейин биздеги бир да жазма акын өзүнүн дискин чыгарбаптыр. Мен баштап койдум, калганын мезгил көрсөтөр...

 

- Эми азыркы мезгилде кыргыз адабияты, анын ичинде кыргыз поэзиясы кандай абалда деп ойлойсуз? Деги өсүш барбы?

 

- Учурда кыргыз элинин абалы кандай болсо, кыргыз адабиятынын, анын ичинде кыргыз поэзиясынын абалы дал ошондой деп айтаар элем. Сан жагынан өскөнсүгөнү менен сапат жагынан өсүш байкалбай турат. Биринчиден, акчалуулардын арааны жүрүп, халтуранын казаны боркулдап кайнап жаткансыйт. Экинчиден, азыр адабияттын атаандаштары, «күндөштөрү» ат чабым алдыга озуп кетпедиби. Башкача айтканда, азыр жаштарды адабиятка караганда интернет, кино жана ММКлар көбүрөөк кызыктырат. Үчүнчүдөн, азыр мурдагыдай адабияттын аркасы менен жан бакканга мүмкүн эмес. Ошол себептүү мындан ары адабиятка чыныгы фанаттар менен жылаңач баатырлар гана келет деп ойлойм.

 

- Демек, ушундай өткөөл мезгилде ыр жазып, китеп жана диск чыгарганыңызга караганда, сиз да "жылаңач баатырлардын катарын толуктагансыз го?

 

- Ошондой десем болот. Негизи адабият айдыңында аргымак таптагысы келген калемгерлердин маңдайына жазылган үч азап бар. Бул кайсыл азап? Биринчиси, сөз азабын, ой азабын тартып, ар бир сөздүн, ар бир саптын түбүнө түнөп, чыгарма жаратуу. Экинчиси, ошол ыйынып-ычкынып, боор этинден жаратып алган чыгармаларды китеп кылып чыгаруу. Үчүнчүсү, капчыгыңды кагып, ыйлап-сыктап чогулткан каражатыңа чыгарган китебиңди калың элдин катмарына, окурмандарга жеткирүү. Мына ушул үч азапка чыдагандар гана бүгүнкү күндө акын же жазуучу болушу мүмкүн.

Мындан сырткары дагы бир  орчундуу маселени айтпай кетсем туура болбос. Учурда кыргыз калемгерлери интернет деген нерсеге көңүл бөлбөй жатышат. Мына карап көрсөңүз азыр бизде бир да акын жазуучунун интернет сайты жок. Атүгүл бакыйган жазуучулар союзу интернет сайт ача элек эмдигиче. А чет өлкөнү мындай кой, өзүбүздүн эле коңшулаштарыбыз казактар менен өзбектер бул жагынан кыйла алдыга кетишти. Улууларынан тартып жаш жазмакерлерине чейин жеке интернет сайттары бар. Каалаган авторуңузду интернеттен таап аласыз. Чыгармаларын ошол жерден окуй бересиз. Ал эми биздечи? Эч кимиси бул тууралуу ойлоно элек. Акыры жүрүп олтуруп кагаз китептердин ордун электрондук китептер менен интернет сайтттар тартып аларын  таназарга алышпай жүрүшөт.

- А сиздин сайтыңыз барбы?

 

- Ооба, 1 ай болду өзүмдүн жеке сайтымды ачканыма. Ичинде баары бар. Китебимди, дискимди жайгаштырдым. Андан сырткары кыргыз акындарынын тандамал ырлары орун алды. Кызыккандар төмөнкү дарекке кирип, менин чыгармачылык дүйнөмө саякат жасача болот. www.altynbek.ucoz.com

 

- Маегиңизге чоң рахмат. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

 

                                                Маектешкен  Айнура СУЛТАНОВА

 

 

 

 

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 1900 | Жүктөө: 1 | Билдирүүлөр: 1 | Деңгээл: 0.0/0 |
Бардык билдирүүлөр: 1
0  
1 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:18) [Материал]
Асыл таштан, акыл - жаштан дегендей, акылыў арта берсин, талантыў ташкындай берсин,
жашоо єзї - эрдик саналат, акын болуп жашап єтїї эки эсе эрдик.

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр