|
Жаш акын Алтынбек Исмаиловдун "Таш күзгү" аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көрдү.
Китеп кандайдыр бир даражада чоң дүйнөнү тааныткан таш күзгү сыяктанат. Ошол күзгүдөн соңку кыргыз коомунун турмушун көрөбүз, адалдыкка умтулган адамдын ыймандык чакырыгын угабыз, тили, дили кысылган кыргызды намыска чакырган жаш адамдын аруу дүйнөсүнө ортоктош болобуз.
Айтор ар-намысты козгогон атуулдук ырлар менен сыбызгыдай сыздаган лирикаларды окугуңуз келсе, "Нуска" китеп дүкөнүнө кайрылыңыз.
Ал эми бул жыйнакка кирген ырларды автордун өз оозунан угуп, кулак кумарын кандыргыңыз келсе, көркөм окулган ырларды тасмадан көрүп, жандүйнөңүздү биликтей жандыргыңыз келсе, анда аталган китептин жакында чыккан DVD дискин сатып алсаңыз болот.
Байланыш тел.: +996 (556) 54-06-06 (моб), +996 (312) 54-19-43 (жум.), +996 (312) 31 76 55 (үй).
|