Өткөн аптанын аягында Баку шаарында "Тектеш түрк калктарынын VIII Эл аралык поэзия майрамы” белгиленди. Мындан бир жыл мурун 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан белгилүү азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин жаркын элесине арналган ыр кече үч күнгө созулду. Башкача айтканда, 30-октябрда баштылып, 1-ноябрда аяктаган бул майрамга Түркиядан 28, Азербайжандан 21, ал эми калган өлкөлөрдөн 30 га чукул акын катышып, өздөрүнүн эне тилинде көркөм ыр окушту. Өзгөчө Кыргызстандан барган кыргыз акындарыКыялбек Урманбетовменен Алтынбек Исмаилов үч күн бою Каспий деңизинин жээгинде кыргыздын ырын жаңыртып, жүзүн таанытып, алардын баалуу мурастарын даңазалаганд... Кененирээк »