«КЫЗДАРДЫ ЭМЕС, КЫРГЫЗДАРДЫ СҮЙӨМ…» - 19 Сентября 2009 - Алтынбек Исмаилов
Шейшемби, 24.11.2009, 10:31 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Жеке [3]
Жалпы
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 18
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Башкы бет » 2009 » Сентябрь » 19 » «КЫЗДАРДЫ ЭМЕС, КЫРГЫЗДАРДЫ СҮЙӨМ…»
«КЫЗДАРДЫ ЭМЕС, КЫРГЫЗДАРДЫ СҮЙӨМ…»
09:44

 

13.09.2009

«Азаттык» үналгысы
 
 
Алтынбек Исмаилов, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Евразия Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, Кыргыз-Түрк "Манас” университетинин окутуучусу, жаш акын.
 
 "Акын келечектен жарык издеп баратат...”

"Алтынбек барга бапыраңдап, жокко жонун тоскон карапайым калк тууралуу жасалма сөз желинен куралган ырлар жазып, бул жалган дүйнөдө «мен акынмын!» деп кыйкырып турса деле жарашмак, «Акын эмессиң!» деп эч ким айтмак эмес… айрыкча, акыны да, акими да көп, бирок уяты жок ушу заманда.
Алтынбек антпеди. Ал эштектерди алдагысы келбеди. Карапайым калктын кайгы-касиретин, азабы менен тозогун, күн чыккандагы кубанычы менен күн чыккандан кийинки түйшүгүн… жаап-жашырбастан, болгонун болгондой ырдады."  
                                                                                                                    Шайлообек Дүйшеев, КР Эл акыны 

Эки ооз сөз

- Шапалактай алгачкы жыйнакка эмне сыр каттың?

- Мезгил өткөн сайын, адабияттын агы менен карасын мурдагыга караганда жакшылап тааный баштайт экенсиң. Бара- бара чыгарманын көлөмүнө эмес мазмунуна, сапатына көңүл бура баштадым. Өзүмө жаккандарын иргеп алып, аз болсо да саз болсун деп ушул шапалактай китепке киргиздим. Себеби акын окурмандарын жана өзүн сыйлаш керек.

- Бирөөнү аябай сындап каласың, эми өзүң да окурмандардын элегине түштүң?

-"Себеби жок сындай бербей бирөөнү,
Сен өзүңдөн изде досум күнөөнү”,- дегендей мен бүгүнкү күндө элдин алдына чыгып алып, толук кандуу " мен акынмын” деп айткандан алысмын. Аны окурмандар айтыш керек. Мезгил айтыш керек.

- Эмне себептен сүйүү темасында ыр жазбайсың?

-Ыр жаза баштаган күндөн тарта, өзүмдүн бир принцибим бар: "жасап жазбай, жашап жаз” деген. Ошол себептүү кандай ыр жазбайын жашап жазам. Мүмкүн кыздарга караганда кыргыздарды көбүрөөк сүйөттүрмүн. Чындап сүйүү келмейинче мен ал темага кайрылгым келбейт. Бирок кыргыздын ыйын, кыргыздын
муңун жаза берем.
Тиркеме: Сүрөт 1 · Сүрөт 2
Категория: Жеке | Көрүүлөр: 75 | Кошкон: altynbek | Деңгээли: 5.0/1 |
Баардык билдирүүлөр: 0
Имя *:
Email:
Код *:
Кирүү формасы
:
Сырсөз:
Издөө
Календарь
«  Сентябрь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930
Архив
Өнөктөштөр