Байка кыргыз, бир нерсе башталууда,
Баткак кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен
Корком, корком, жандүйнөң ач калууда!
Өйкөп күндө өмүрдү сүргөн жаман,
Өз жаныңды камаган түрмөң жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен
Сулуулукка сук артып жүргөн жаман!
Быкшып күйбөй, жалындап жанган жакшы,
Бардык жерде таза күл калган жакшы.
Жалган сөздү жамынып жашаганча,
Жаратканга жылаңач барган жакшы!
Жер каратып кедейлик, уяңдыгың,
Жеңден тартып басынтат улам бүгүн.
Ач-жылаңач өткөндөн уялбастан,
АДАМ болбой калгандан уял бүгүн!
Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жандүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!
13.03.2005