Бейшемби, 18.04.2024, 10:28 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
АТУУЛДУК ЫРЛАР [7]
ЛИРИКАЛАР [9]
КОТОРМОЛОР [0]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ПОЭЗИЯ


Башкы бет» Ырлар» » ЛИРИКАЛАР

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК

 

Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,

Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.

Өзгө адамды жактырарың укканда,

Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

 

Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?

Билик жандын өрт алышын күсөймүн.

Куу жыгачтай болгон менен кебетем,

Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

 

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,

Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.

Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,

Сенден башка адамга да керекмин?!

 

Жолоочудай күндө сага кезигем,

Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.

Өзөк жанды мите курттай кемирип,

Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!

                                           27.10.2003

Категория: ЛИРИКАЛАР| Кошкон: altynbek(30.05.2009)
Көрүүлөр: 4112 | Билдирүүлөр: 5 | Деңгээл: 4.6/7 |
Бардык билдирүүлөр: 5
0  
5 сагын   (21.10.2014 15:30) [Материал]
салам ийгилик

0  
4 Алтынай   (21.05.2013 09:38) [Материал]
Алтынбек байке чыгармачылыгынызды абдан баалайм анан сизден сураарым курбу дос тентуш жонундо ырларыныз жок экен жазбайсызбы ар дайым талантыныз ташкындай беришине тилектешмин

0  
3 ASKAT OMOROV   (25.05.2011 18:47) [Материал]
Алтынбек байке ырларыныз мага абдан жагат. Айтып журойун деп айрымдарын жаттап дагы алдым.Калеминиз курчуп биздин Кыргызстан учун экинчи Алыкулдун тибин жаратып калкка кызмат кылып журо бериниз. Ар дайым бар болунуз аман болунуз

0  
2 Нурила   (14.03.2011 18:49) [Материал]
"Сенден башка адамга да керекмин"! Ырас, минтип нагыз акын гана айта алат!

0  
1 Нұрлан Досмағұлов   (16.10.2010 03:31) [Материал]
Тамаша өлең! Сезімді нақты жеткізіпсің.

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр