Бейшемби, 28.03.2024, 15:11 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
[Жаңы билдирүүлөр· Катышуучулар· Форумдун эрежеси· Издөө· RSS]
  • Страница 1 из 1
  • 1
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » Менин акынчылыкка барчу кадамдарым...
Менин акынчылыкка барчу кадамдарым...
Nur-Saikal Дата: Бейшемби, 07.08.2014, 12:11 | Сообщение # 1
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүүлөр: 2
Даража: 0 ±
Статус: Байланыштан сырткары
Бактылуу болгум келет

Кубаныч бул өмүрдө, купулга толсо эмне
Кантсе да жаралганым, алладан мага белек
Кыйналып бул тагдырда сыноого сынгым келбейт
Кайрылгыс аз өмүрдө, бактылуу болгум келет

Жаңылбай бул жашоодо, жаш төкпөй өтсөм эмне
Жараткан жакшылыгын ченебей берсе керек
Жашоонун бир келээри айттырбай бизге анык
Жаштыкка кумар канып бактылуу болгум келет

Тагдырда жапа чекпей, күлкүгө тойсом эмне
"Таалайлуу жашасын..." деп жараткан болсо керек
Тоскоолдук болсо дагы коркпостон жеңип чыгып
Таар болгон тагдырымда, бактылуу болгум келет

Добавлено (20.01.2014, 19:59)
---------------------------------------------
Баскым келди
Суук түшүп жамгырлуу күздүн кечи эле
Баскым келди суу болуп көчөдө
Ошол кечте үшүп турган сезимди
Жылыты алчу сенден башка жок эле

Баскым келди сени менен ээрчишип
Жамгыр мейли жаай берсин токтобой
Бирок, аттиң сен жок элең ошол кеч
Көксөп жүргөн бакытыма окшобой

Мүмкүн мени сынадыңбы билбеймин
А мен сага чын дилимден ишендим
Санаа тартып алыс жүргөн сен үчүн
Аярладым, амандыгың тиледим

Добавлено (29.01.2014, 11:53)
---------------------------------------------
Уттурдумбу ыйманымды?

Жанашып жакшыларга, жашынып жамандардан
Аруужан болуп журдум, адашып жалгандардан
Алданып калбайын деп, убада берген менен
Кемитип алдым бүгүн, дүйнөмдү алданбаган

Адашып калдым окшойт, жандаган жакшылардан
Жаштыкка алдырдымбы, сырларды жашырбаган
Калыстык кылса тагдыр, аябайт мени эми
Уттурдум окшойт аттиң, сынбаган ак ыймандан

(уланышы да оңдолушу да мүмкүн)

Добавлено (01.02.2014, 14:17)
---------------------------------------------
Жек кором суйуу сени
Кезиктирип,эх суйуу, кейиттин жан дуйномду,
Уялбай алдап кетти, ишенген журогумду,
Мен эми суйуу сага! Туболук ишенбеймин!
Ишенген башканында, жолдорун кишендеймин!
Сезимим ойноп жатса, сен неге кебелбедин?!
Жек кором суйуу сени! Мен сага ишенбеймин!

Ойлочу, эстечи ал кундорду
Бактылуу жан элем го, бейиште жургон ондуу
Багынтып алган элен, сынбаган ак сезимди
Ийилтип алып неге, сындырдын жаш кезимди?
Ушундай мерээз белен, эх суйуу, айтчы деги,
Бакытка болойт десем... Аттин, суйуум кантем эми???

Добавлено (06.02.2014, 12:04)
---------------------------------------------
<_<

Добавлено (17.02.2014, 17:10)
---------------------------------------------

Оператор жигитке

Бир караанды коргон кезим эсимде
Ошол караан, мун-заарымды жибиткен
Чиркин, ал кез ызгаар кыштын куну эле
Жолукканда оператор жигитке

 
Шаар айланып басып жургон кез эле
Караан менен жолукканым эсимде
Салам айтып коздорумо караган
Ашык болдум оператор жигитке

Бакытымды таптым дедим жакшы ойдо
Кимдер билмек «бакыт» деген эмне экен?
Айтор билбейм башка жанды, а озум
Суйуу кутом, оператор жигиттен

От тамызып кетти беле сезимге
Уйкум качып, санам тынбайт эч эле
Журогумдон, суудай агып тугонбос
Суйуу арнайм оператор жигитке.

Добавлено (03.03.2014, 11:18)
---------------------------------------------
4 саптар го дейм…
 
Озун жокбугун, ыр жазбай калдым окшойт
 Конулум жалгызсырайт, кылы жок комуз сымал
 Аксатпай жан дуйномду, толуктап койсон болмок
 Сен тарткан кыяктын да, которууго астмагыбар...
 

Билесин, сен деген журокто суйуу барын
Даназалап суйуумду, сага арнап ыр жазаарым
Жалгыздатпай ырыма мукамдуу обон жазсан,
Жалгыздатпай журокту сен мага жакындасан,
Айтаармын жылуу созумду,
Тартуулаармын озумду...
 

Кечир менин, журогумду сен деген
Бир болсомдейт, жан дуйном да сен менен
 Ишен сенин, "келдиби" деп мендеги
 Сезимимден издеринди издегем
 

Ыр жазбай калсам эгер, 
Билгиле,
айтаары калбады деп
жашоодон чарчады деп
ойгонбойт эми кайра
таптакыр уктады деп

Ыр жазбай калсам эгер,
Билгиле
суйуусу жоголду деп
сезими муздай тонду
журогу сокпойт кайра,
жашоосу токтоду деп
 
Жакынжуруп, алыс биздин арабыз
 Качан жолдон чоогу бирге басабыз?
 Азил-чынын айтпай туруп алдын го
 Кантип кайра ак сезимден качабыз?
 

Билбейм эгер, суйбой калсан сен мени
 Тагдыр кайра сендей таап береби?
 Кантээр экем, уксам жалган суйуунду
 Жашоом сенден алыс алып кетеби?
 

 
Ишен сага,арнайм буткул дуйномду
 Издеп жургон, бакытымдын озусун
 Эгер мени, унуткарсан суйо албай
 Ишен сени, жек коро албайт журогум
 

Ыр жазсам деп, созго шыгым таба албай
Ырдасам деп ырга обон жаза албай
Журоктогу сизге арналган ак суйуум
Очуп барат, улам эрип ак шамдай,
Менин суйуум тунук, таза, а сиздин
Сезиминиз жалган беле аттин ай...
 
 
Ушул да жашообеле, жан дуйнон ооруп турса
Коро албай жакынынды, алыста болуп куса
Же суйуу, же бакыт да жакындабай
Мерээздер сезимдерди, аябай тепсеп жатса,
Ушул да жашоо беле, жан дуйнон ооруп турса???
 
Коргонумдо, калем сурап калды эле
Мен ошондо караптырмын колдорун
Калем берип койбогонум карачы
Эх ошондо, эмнелерди ойлондум???

Добавлено (07.08.2014, 12:10)
---------------------------------------------

"Кечириңиз..."

Жабыркап жашап журом армандарда
Ишенип өзүңүзгө, алданып кыялдарга
Өзүмдү канча ирет алаксыттым
А бирок, жолукпадым сиздей жанга

Ишенип жүргөнүмдү, кечириңиз
Издендим өзүңүздү, кечириңиз
Кечирим сурайм сизди "мендик" дедим
Башкада болсо дагы көңүлүңүз

Күнүмдү сизди күткөн, кечириңиз
Түндөрүм сиз деп өткөн, кечириңиз
Бир сизге чын дилимден, жүрөгүмдөн
Арналган ак сүйүүмдү, кечириңиз

Добавлено (07.08.2014, 12:10)
---------------------------------------------

"Ысык-Көлгө баратам..."

Чыгарма жараткан асыл жанга
Ысык-Көл алмашкыс курдаш болгон
Дабасын жан дүйнө жаратына
Түбүнө, терээңине катып койгон

Мен дагы баратам көлдү эңсеп
Жаратым дабалап келсемби? деп
Жакшы бир чыгарма жарата алсам
Дагы бир оор күчтү жеңемби? деп

Ысык-Көл тосуп ал эрке кызды
Бир сенсиң жалгыздын жары болоор
Жакшы бир чыгарма жазалбаса
Табылаар бакытка барчу жолдор

Ысык-Көл тосуп ал тентек кызды
Алгач жолу өзүңдү жээктеп басат...
А мүмкүн төрт сап ыр жазалбаса
А балким, өзүңдөн сүйүү табат...

Добавлено (07.08.2014, 12:11)
---------------------------------------------

Санаакап, сагынычка батып сүйдүм,
Элесиң карегимде катып жүрдүм
Сүйүү күчү чын эле керемет экен
Өзүңдөн тааныдым сүйүү күчүн,
А бирок, аргасыз ажыраштык
Түшүнөм унуттуң бүлөң үчүн...

Сүйүүнүн дагы бир курманымын
Армандын алмашкыс жыргалымын
А бирок, сага окшоп бүлө курбай
Мен сени дагы эле унутпадым,
Эх чиркин, сүйүүнүн күчүн кара
Мен сени али да унутпадым...


Билдирүү түзөтүлдү Nur-Saikal - Шаршемби, 29.01.2014, 11:54
 
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » Менин акынчылыкка барчу кадамдарым...
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: