Дүйшөмбү, 29.04.2024, 10:03 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Элмира АЖЫКАНОВА
Элмира АЖЫКАНОВА
16:25
                                                          
                                                            Өзүмө

 

Өзүң колго жасап алгансып,

Турар эле мүчөң куюлуп.

Баштагыдай толбой тутамга

Чачың дагы барат суюлуп.

 

Он жыл мурун түшкөн сүрөттө,

Сулуу, сергек, жашсың карачы.

Уурдай берет тура сени аста

Жылып аккан жылдар арасы.

 

Үлгүрөм деп үйгө, кызматка

Үрөп жанды эрте түгөнбө.

Баратасың күндө жукарып

Өз дүйнөңдү корго, түгөлдө.

 

Убактыңды бөлбөй өзүңө,

Көр тирликке өлчөп ченепсиң.

Эс ал, укта, сергит жаныңды

Сен өзүңө өзүң керексиң.

 

***

Башым чыкпайт казан-аяктан,

Ыр жазамын анан каяктан?

 

Ылдыйлап турам, ышкындай кез жок баягы,

Ыр  жазсам эле армандуу бүтөт аягы.

 

***

Күзгү жаан карга айланды,

Күндөрүм айга айланды.

 

Айларым жылга айланды,

Арманым ырга айланды.

 

Чачылды данектерим,

Чарчады каректерим.

 

Мезгил түк аяр эмес,

Мен азыр баягы эмес.

 

          Мейличи эми

     (азил-чыны аралаш)

 

Түнү бою үйгө келбедиң

Уктай албай чыктым түйшөлүп

Жаман ойлор болуп эрмегим.

 

Жаттым сезип таңдын жакынын

Жерге жарык түшө баштаптыр

Кирдиң жылып үйгө акырын.

Коомайлануу турат үнүңдө:

-Досум менен шахмат ойнодум.

Болдум,-дедиң анын үйүндө.

 

Ишенет деп мени ойлодуң.

А көздөрүң турат жалтактап,

Балким башка “шахмат ойнодуң.”

 

Мейличи эми дедим, мейличи...

Таарынчымды аздап тараттым

Кенен салгым келди пейлимди.

 

Сүйсө деле сени берилип

Табияты ошол эркектин

Кумарына калат жеңилип.

 

Майдаланбай кенен болоюн,

Сот жүргүзбөй эркек эркине

Кээде көздү жумуп коёюн.

 

 

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1583 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/3 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр