Дүйшөмбү, 29.04.2024, 08:59 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Кожогелди КУЛТЕГИН
Кожогелди КУЛТЕГИН
16:42

                 Сүйүү телефону

 

Таанып шарт менин сүйлөп жатканымды,

тарс уруп трубканы таштадыңбы?!

Үйрүлүп турсам дагы дал ушинтип

үстүмө таштайсың го асманыңды...

 

Чыдабай неге чалдым? “Келесоомун”.

Чынында сенден уккан жеме сонун.

Капыстан башка бирди(!) жеген иттей

Каңшылап жатат колдо телефонум.

 

Каңшылап жатат сүйүү-телефонум…

 

      Жашыл бетте жаткан кыз


Жашыл бетте жайкалган, толукшуган
Жатасың сен, жаш сулуу -олуттуу жан.
Көкүрөккө көмкөргөн китебиң бу -
Көпөлөктөй… көпөлөк конуп турган!

Көөшүп уктап… асманга көкөлөдүң…
Көрүп туруп, кантип мен жөтөлөмүн?
Кана -а-кана дем тартсаң, дем чыгарсаң
Канат кагат китебиң - көпөлөгүң!

Канат кагат китебиң акырын, жай,
Автору - мен, а өзүң -асыл ырдай!
Ааламга Күн, сага Күн нурун чачат,
Ак мойнуңа "быз-з!" эткен атырыңдай.

Сөздөрүмдүн окуурсуң далайын бу,
Сөйкө кылып суроомдон тагайынбы?
Жакшы кылдың жалынган сакчы жасап
Жаштардан жадаган агайыңды!

Жүзүңдө бул жүздөгөн көңүл гүлдөп…
Жүрөгүңдө -китепте өмүр бүрдөп…
Бетин бир аз чаң баскан күзгүнү да
Бериш болбойт сендейге көрүнгөн деп.

Жашыл бетте жайкалган, толукшуган
Жатасың сен, жаш сулуу -олуттуу жан.
Көкүрөккө көмкөргөн китебиң бу -
Көпөлөктөй… көпөлөк конуп турган!

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1748 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/4 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр