Дүйшөмбү, 29.04.2024, 11:07 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Карбалас БАКИРОВ
Карбалас БАКИРОВ
16:52

                     Балдар

 

Тайлардай булуттарды айдайсыңар,

Тааланын чагылганын кармайсыңар.

Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,

Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.

Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,

Тайгада канаты бар кардайсыңар.

Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,

Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.

Икардай мен асмандан кулаганда,

Илинип силер көктө калгансыңар.

Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,

Эстүүлөр тааныганды тангансыңар.

Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө,

А жерде жашайт жалаң жалганчылар!

 

                          ***

Тыюу салган жактарга ташта кадам,

Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.

Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,

Баш тартамын жадатма сентябрдан.

Уктай берип жармыңар өлүп калган,

Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.

Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн

Коркпогула деңизге жолуккандан.

Не жаңылык бейтааныш тараптарда?

Канатыңды кайрыба камап тамга.

Короочулар аяймын силерди мен,

Булут көчүп, кайдадыр баратканда.
 
      Шерназар Шүкүровго
 
Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түпсүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ,
Унчукпай жааган ак кардан.
 
Бир-бирин алар жек көргөн
Эмес эч, эмес жеп көргөн,
Күнөөсүз өсүү жагынан
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.
 
Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түпсүз асманга
Кыйкырбай өсүп бараткан!
Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1825 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр