Дүйшөмбү, 29.04.2024, 13:45 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА
Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА
12:06

             

              
 
                    Үшүк

 

Үшүк урду жеримди да, элимди,

Жүзүмдөрүм өлүп калды ылаңдап.

Үшүк менен мен да бастым демимди,

Эми кимге кубанамын ыр арнап...

 

 

                Көрдүңөрбү

 

Нугун бузуп кеткен экен таш кулап,

Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак.

Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп,

Томурайып камышы жок саз турат.

 

Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле,

Алар дагы келбей калган көрүнөт.

Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге,

Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк.

 

Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,

Энелери элечегин тарталбай.

Ошол элдин уулуна кой айыпты,

Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

 

                      Дайым

 

Сени дайым аман көрөм дечүмүн,

Баягыдай желбиреген жоолукчан.

Оңу келбей отурабы сөзүмүн,

Абалыбыз бирбей окшойт оорукчан.

Жаз кечикпей келет деген үмүт бар,

Учурашам эң биринчи тал менен.

Көкүрөктө анча-мынча бүлүк бар,

Басыш үчүн, аны намыс ар менен.

 

 

 

 

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 1680 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр