Жума, 26.04.2024, 16:52 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

ЫР ЖАЗУУ ЭРМЕК ЭМЕС...
[ ] 06.08.2009, 12:31

 

    18.01.2008, 16-бет, "Кыргыз Туусу" гезити
 
   Редакциянын куржунундагы байма-бай келчү каттардын көбү көркөм чыгармалар, басымдуусу ырлар. Бирок, анын бардыгы деңгээли менен өлчөнүп, жарамдуусу гана гезит бетине жарыяланат эмеспи. Таланттуу таанымал акын, жазуучулардын чыгармалары кезек-кезеги менен жарыяланып турмайы белгилүү. Анча-мынча ортозаар эмгектер да болсо мейли эле, кээде адабияттан ат чабым алыс түшүнүктөгү адамдар жазгыч болгусу келишкени өтө кызык. Көпчүлүк андай авторлор редакцияга өзү келип суранышат. Окуп көрсөң кайсы бир окуя, же көрүнүштү сүрөттөгөн алешем саптар. Анан кызык маектер башталат:

-Муну макала кылып эле жазып келсеңиз болмок экен?
- Ыр кылып жазгым келди да...
- Биздин гезит адабий эмес, саясый гезит.
- Ошо саясый ыр кылып жазбадымбы, түшүнгөн жоксузбу?
- Түшүндүм, бирок, ыр дегенге да деңгээли туура келбей жатпайбы?
- Сиз түшүнгүңүз эле келбей жатат... Мен деген китеп кылып чыгарам бул ырларды, спонсор издеп жүрөм.
- Жакшы, тилегиңизге жетиңиз, бирок гезитке болбойт.
- Болуп калар, шаштырбайм, кийин чыгарсаңар деле мейли...
Айла жок күлөсүң да, алып каласың. Бирок, гезитке чыгара албайбыз да. Алакандай кабардын да бир тамшаным бүлдүркөндөй таасири болбосо гезитке чыкпайт, а ырды андан бетер кароо керек.
Дагы бир күнү эшиктен бирөө баш багат, күлүп-жайнап кабыл аласың. Кызык маек анан уланат:
- Кызым, пенсияга чыккандан кийин зериктим, ыр жазып эрмектечү болдум, ошону гезитиңерге чыгарсаңар?
- Ыр деген эрмектей турган нерсе эмес да, өнөрдү Кудай бергендер гана алып жүрөт эмеспи.
- Антсе да окуп көрсөң.
- ... ырга окшобой калыптыр.
- Окшобой калса окшотуп оңдоп койбойсуңарбы, силердин ишиңер ошол да.
Дагы күлөсүң, жылуу-жумшак узатып коесуң. Анан ойлоносуң, ыр жазганды акындарга коюп, андан көрө колдон келген иштин майын чыгара бүтүрүп алган жакшы эмеспи.

   Чыныгы таланттуу акындар өзүнөн өзү чоң чөйрөгө таанылып, эл оозуна алынып жүрбөйбү. Чыгаан чыгармаларды редакцияда авторду сурантпай эле же кат аркылуу келгенин да көп өтпөй эле жарыкка чыгарууга болот. Мына ошондой жарыгы бар жаңы ысымдардын бири Алтынбек Исмаилов. Мен ага жолукканда жогорудагы маектерден тескерисинче кызык маекке туш болдум, ал төмөнкүчө:
- Алтынбек, жаңы ырлардан гезитке бербейсиңби?
- Жок эже, андан көрө китебими эле берейинчи, өзүңүзчө олтуруп окуп аласыз.
- Мен го билем, окурмандар үчүн да.
- Окурмандарга өзүңүз тандаңыз, начар болуп калса уят го.
- Сага начар ыр жазганга болбойт, анткени акынсың.
- Азырынча акынмын дегенден да уялам, эже.
- Азаматсың!


   Балким, муну окугандар сөздүн мааниси каякта жатаарын түшүнүшөр. Мен Алтынбек Исмаиловду мисал кылып айтып жатканым таланттуулугу менен зирек акылы. 21-кылымдын башталышындагы жаштар поэзиясынан суурулуп чыккан Алтынбекти акын журтчулугу, дегеле поэзия ышкыбоздору жакшы таанып калышты. Аны тааныткан биз жашаган доордун кылдарына кыл чылбырдай чыйрак өрүлгөн канаттуу ырлары. Бүгүнкү биздин күндөрдө "кыргызым" деп күйгөн Алтынбектей мекенчил жаштардын катары өссө кандай жакшы болмок. Жакында анын "Таш күзгү" аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Анда мындай бир саптарын мисалга келтирсек, сөзүбүздүн мазмунуна шайкеш келет:


Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!


Мына ушундай кылычтай таамай, нурдай таза ыр саптарды жараткан акындар гезиттин да бийиктиги менен тереңдигин арттырат десек жарашат. Ошон үчүн кыргызда "чымчыкты да касапчы сойсун" деген макал бар эмеспи. Сөзүмдүн соңун Алтынбектин "Кантип айтам?" деген ыры менен аяктасам, окурмандар туура көрөр деп ойлойм.


Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип тангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!


Бактыгүл ЧОТУРОВА

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 4374 | Жүктөө: 0 | Билдирүүлөр: 5 | Деңгээл: 5.0/1 |
Бардык билдирүүлөр: 5
0  
5 Алтынай   (21.05.2013 09:51) [Материал]
Алтынбек байке дос курбу тентуш жонундо ырларыныз жокко эсе экен Бул темадагы ырларынызды да кутом!!!

0  
4 Алтынай   (21.05.2013 09:50) [Материал]
Саламатсызбы Алтынбек байке Сиздин чыгармачылыгынызды абдан баалайм жана сыйлайм Талантыныз ташкындай берсин!!!!!!!

0  
3 ырысжан   (26.02.2012 22:48) [Материал]
Алтынбек байке ырыныз мыкты экен, бали соз жок..............

0  
1 Алтынай Темирова   (06.07.2011 19:02) [Материал]
сайтыў абдан маўыздуу, маанилїї, кызыктуу жана башкаларга нуска болгудай жакшы жасалыптыр.
Ырларыў сонун, абдан таланттуу жигитсиў, ушул єрїшїўдєн тайба, ийгилик каалайм.

0  
2 altynbek   (07.07.2011 10:40) [Материал]
Рахмат, Алтынай эже! Сизге да ийгиликтерди каалайм!

 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр