Ишемби, 20.04.2024, 16:00 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
[Жаңы билдирүүлөр· Катышуучулар· Форумдун эрежеси· Издөө· RSS]
  • Страница 1 из 1
  • 1
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » ЭМНЕҢ БАР? (ЭМНЕҢ БАР?)
ЭМНЕҢ БАР?
altynbek Дата: Ишемби, 04.04.2009, 21:08 | Сообщение # 1
Катардагы
Тайпа: Башкаруучу
Билдирүүлөр: 3
Даража: 0 ±
Статус: Байланыштан сырткары
Бозоргон
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!

Кыргызым,
Кулак салчы?!
Бүгүн мен
Сени менен
Сырдашкым
Келип турат.
Көргөзүп
Кемчилдигиң
Көзгө сайып,
Калемдин
Учу менен
Безге сайып,
Сындашкым
Келип турат…

Кана айтчы,
Эмнең бар деп
Суроо салсам,
Жер карап,
Желкеңди сен
Кашыбагын.
«Эч нерсем
Жок менин»,- деп
Бышактап,
Кур намыска
Жашыбагын!

Байкасаң,
Бардык жерде
Бөтөлкө
Сатып жүргөн,
Башына
Балыр жаздап,
Баткакка
Жатып жүргөн
«Бакайың» бар!
Калкалап канатына
Чет өлкө
Катып жүргөн,
Чаташкан
Жолго түшүп,
Чындыктан
Качып жүргөн
«Акайың» бар!

Бийликтин
Билигине
Май болуп
Жагылышкан,
Бөжөңдөп
Бөдөнөдөй
Беш убак
Жагынышкан,
Арзымат
Чалдарың бар.
Нан сурап,
Ары-бери
Өткөндөргө
Кытайдын
Аскериндей
Жабылышкан
Кайырчы
Балдарың бар!

А бирок
Ар бир күнүң
Майрам сымал.
Анткени
«Кара сууну»
Боркулдата
Кайнатып
Ичип алчу
Казаның бар!
Ылайга төккөн
Аппак
Айран сымал
Ыйманды
Сатып алчу
Базарың бар!
Тентисең
Туш тарапка,
Корголоп
Бага турган,
Аргасыз
Көзүн карап
Бара турган,
«Ак көңүл»
Орус менен
«Бир тууган»
Казагың бар!

Чолок шым,
Чолок көйнөк
Кийип алып,
Чет элдик
«Негрге» да
Никесиз
Тийип алып,
Күн сайын
Төрөп турган
Кыздарың бар!
Өз атын
Жазалбаган,
Ийне эмес,
Күрөк берсең
Билимдин
Кудуктарын
Казалбаган,
Келечек
Адистерди
Даярдоочу
Саны көп,
Сапаты жок
«ВУЗдарың» бар!

Жаңылып
Жаратыңды
Жаңылаган,
Же жакшы
Маянага
Жарыбаган,
Ак халат
Кийген менен
Аргасыз
Акча сурап
Дарылаган
Билимсиз,
Чала сабат
«Врачың» бар!
Аргымак
Таскак салса
Чаң чыгарып,
Көралбай
Бутан тушап
Жабуулаган,
Өзүңө
Жетишпеген
Эс-акылды
Өзгөгө
Өрнөк кылып
Таңуулаган
Арамза,
Кара мүртөз
“Куу башың” бар!

Ичкилик
Ичкиң келсе
Чамаң жеткен,
Жер тырмап
Өмүр бою
Жармага
Араң жеткен
Чор таман,
Чор кетпеген
Колдоруң бар!
Жамалган
Чал-кемпирдин
Дамбалындай,
Жадатма
Жыртык-тешик
Жолдоруң бар!
Желеге
Тизген тайдай
Жылаңач
Сойкуларга
Батпай кеткен,
Коноктор
Келсе кокус,
Жийиркенип
Жарым күн да
Жатпай кеткен,
Кароосуз,
Кир каптаган
Борборуң бар!

Бурмалап
Эне тилди
Кескилеген,
Байыркы
Тарых менен
Санжыраңды
Сандырак,
Эски деген
Чоң курсак,
Кыйын чыкма
Чоңдоруң бар!

Кыргызым,
Кыргызым ай,
Качан сен
Караңгыдан
Арыласың?
Чыгат деп
Жаңы “КҮНДҮ”,
Чыгышты
Тиктеп күндө
Зарыгасың!
Ич дүйнөң
Толгон илдет,
Жамбаштап
Жата берсең,
Жакында
Жанар тоодой
Жарыласың!

Суроомо
Жооп бер эми?
«Эч нерсем жок»
Деп айтсаң,
Анда сен, жаңыласың!..

Бозоргон
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!
28.01.2003


ОЙГОН!
 
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » ЭМНЕҢ БАР? (ЭМНЕҢ БАР?)
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: