Жума, 29.03.2024, 05:53 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
[Жаңы билдирүүлөр· Катышуучулар· Форумдун эрежеси· Издөө· RSS]
  • Страница 1 из 1
  • 1
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » БИЗ
БИЗ
kutman Дата: Бейшемби, 25.06.2009, 01:29 | Сообщение # 1
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүүлөр: 2
Даража: 0 ±
Статус: Байланыштан сырткары
БИЗ

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
ААламга ак калпакчан көрүндүк биз.
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик сөгүлдүк биз.

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,
Тагдырлар таштап кеце таарынбадык.
Энесей узатканда аттар семиз,
Чарчадык,тагдырды кууп чарчабадык.

эрлер жок ат жалына казан аскан,
Насыйкат күү угулат ал тее алыстан.
Карөзгөй күүсүн чалдык кайрып-кайрып,
Энелер жолду карайт ак жоолукчан.

Маркасын издеген марал,
Боор езет боздогон каймал.
Манастан айрылып кыргыз,
Тагдырга көз салат жал-жал.

Маркасын издеген марал,
Боор езет боздогон каймал.
Эненин емчеги ийишип,
Энелер титирейт кал-кал.

Маркасын издеген марал,
Боор езет боздогон каймал.
Күтүүнүн ченеми болот,
Оо ене караба жал-жал...

Мамбеттурду Мамбетакун

Билдирүү түзөтүлдү kutman - Бейшемби, 25.06.2009, 01:29
 
altynbek Дата: Бейшемби, 06.08.2009, 13:07 | Сообщение # 2
Катардагы
Тайпа: Башкаруучу
Билдирүүлөр: 3
Даража: 0 ±
Статус: Байланыштан сырткары
Жакшы ыр экен. Тилинде сөөлү, тишинде мөөрү бар, жүлүнгө жетчү кеби, жүрөгүндө деми бар автор экен. Ийгилик каалайм!!!

ОЙГОН!
 
ШЕРИНЕ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ » БИЗ
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: