Дүйшөмбү, 20.11.2017, 06:22 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 437
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 12 » Мукай ЭЛЕБАЕВ
Мукай ЭЛЕБАЕВ
13:49
     

                   
                                     ӨМҮР ЖОЛ
 
Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган.
 
1916-жылы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барат.
 
1917-жылы кайра Ысык-Көлгө келет.

1921-жылы Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка алынып, Түп районундагы зооветтехникумга өтөт. Анда үч жыл окугандан кийин Фрунзедеги борбордук педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат.
1924-жылы Мукай Элебаевдин «Зарыгам» аттуу туңгуч ыры «Эркин Too» гезитине басылып чыгат.
 
1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Узак жол» автобиографиялык романы жарык көргөн.
 
 

М.Элебаев чебер котормочу болгон. Ал Гогольдун «Шинель», «Өлүк жандар», Л.Толстойдун «Хажы Мурат», Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» жана М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, Франконун, Сурковдун чыгармаларын которгон.
 
Мукай 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1943-жылы фашизмге каршы согушка аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылындагы орто мектепке, Ош облусундагы Базар-Коргон районундагы №1 орто мектебине М.Элебаевдин ысмы коюлган.
 
ЭСКЕРМЕЛЕР
 
Мар Байжиев, жазуучу:
"Кыркынчы жылдардын этеги болсо керек. Анда азыркы Арабаевдин жанында жайгашкан Башпрокуратуранын ордунда бала бакча бар эле. Мен ошол бала бакчага барчумун. Күнүгө эртең менен атам мени жетелеп бала бакчага алпарып, кайра алып келет. Анда мен төрт-беш жашта болсом керек. Күндөрдүн биринде атам мени бала бакчадан жетелеп келатса, залкар жазуучубуз Мукай Элебаев көчөдө итин жетелеп жүрүптүр. Аны көргөн атам "Балаңды жетелеп жүрөсүңбү" деп калды. Ал унчукпай эле күлүп, итин жетелеп басып кеткен. Ошондон кийин эле атамды көргөндө унчукпай тескери басат. Эч нерсени түшүнбөй калган атам буга эмне болду экен деп, анын келинчегинен сурайт. Балалуу боло албай жүргөн немеге бул сөз катуу тийиптир. Атам тамаша иретинде айткан сөзүн ал жүрөгүнө жакын кабыл алып таарыныптыр. Ичиндеги таарынычын аялына айткан экен. Ошентип таарынтып алган атам кечирим сураган. Мукай Элебаев десе эле ошол окуя эсиме "кылт" эте түшөт"...
 
                  ЫРЛАРЫ:
 
                  Зарыгам
 
     Таңды кеч ойлоп талыгам,
     Талыкшым жаным тарыгам.
     Амалым жок, кол кыска
     Ойлонуп жатып зарыгам.
 
     Ачык бир даана бет албай,
     Алыскы жерге кете албай.
     Самаган, күткөн жериме
     Зарыгам асты жете албай.
 
     Канткенде табам амалын,
     Көкүрөктөгү жаранын.
     Алыста окуу артык деп,
     Угамын катуу кабарын.
 
     Маскөө, Ташкент ураанын
     "Жакшы” деп элден угамын.
     Ошолорду мен угуп,
     Канткенде чыдап турамын!
 
     Издеген окуу мен карып,
     Эзилдим жатып саргарып.
     Канат кагып жете албай,
     Каламбы куру сандалып?
 
     Көңүлдү койдум абыдан,
     Күзөткөн максат жагынан.
     Ойлоп келсем окууну
     Козголот жүрөк абыдан.
 
     Жарага жара жалганды,
     Карачы, кийин калганды.
     Түгөтөм кантип тазалап,
     Жыйылган чирик арамды.
 
     Арманым баштан ашынат,
     Качан көзүм ачылат.
     Ордуна жетип оюмдун
     От жүрөк качан басылат?
 
      Эрдик жолу - билгеним     

 

Кубанычка ташыбадым, күлбөдүм,

Кайгы түшсө капарыма илбедим,

Сан белесте найза сунган баатырдай,

Өмүрүмдө эрдик жолу – билгеним.

Оодарышып,

Кол карышып,

Эч майданда бир намысты бербедим.

 

Миң кубултуп өттү баштан далай күн,

Билгеним жок бир күрөштөн бөлөгүн.

Жараткандын айыгышкан күчүнө,
Кулдук уруп, кай бет менен көнөмүн?!

Өлсөм дагы,

Абалдагы,

Четке туруп, эрдик менен өлөмүн!

 

Жабылса да сансыз кордук, бар ушак,

Өлмөк эмес эр жасаган акыйкат.

Эскен желдей өтөр, кетер, унтулар,

Опосу жок бир беш күндүк атак-даңк.

Жылдар өтүп,

Мезгил жетип,

Эскерткичим түбөлүккө жасалмак.

 

 

 

 

        

Категория: УЛУУ МУУН| Көрүүлөр: 13554 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 4.2/5 |
Жалпы билдирүүлөр: 5
5 nurtemir sez i s   (17.11.2014 20:04)
ырахмат эми ырын айтып эрте кудакааласа 5 алам бирок омур баяны кысыараак экен

4 руслан   (05.03.2014 15:56)
кыргыз поээзиясын сайттарга киргизгендер учун чоон рахмат ... коп эле поээзия окуп келем бирок окубагандарым анданда коп екен

3 Мастурбек   (25.05.2011 18:20)
аииииииии

2 aisalkyn   (13.05.2011 00:22)
Мектепте окуп жургондо,улуу акындардын ырларын жаттап айтып берген элек.Андан бери 25 жыл болуптур.Ушул жерден бир мактанып кетейина.Азыр деле коп акындардын ырлары эсимде.М.Элебаевтин зарыгам деген ырын жатка билем .Кээде ичимен кайталап ырдап калам.Азыр ырларын окуп алып толкунданып,кубанып турам.Окуучулук кундор..омур баяндарынан бери жатка айттып берчуу эмес белек.Сонун кундор..Артта калган арман кундор.

1 nurbek   (15.08.2010 15:59)
Азаматсыз!
Кыргыз поэзиясын коптон бери окуй элек элем,

 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр