Жакында Косовонун Призрен шаарында Акындардын эл аралык поэзия майрамы белгиленип, ага акын Алтынбек Исмаилов катышып келди. Мына ошол кечеде эки күн бою элирип ыр окуган, европалыктардын тилинде эмес, өз эне тилинде берилип шыр окуган акын агабызды акырын кепке тарттык.
13-декабрь, 2011-жыл, "Обон” гезити
– Акындардын эл аралык поэзия майрамына кандайча катышып калдыңыз?
– Бул салтанаттуу кече "Түрк тилдүү калктардын Эл аралык поэзия майрамы” деп аталат. Ал эң алгач 1992-жылы Түркиянын Бурса деген шаарында белгиленген. Мына ошол күндөн тарта бул иш-чара салттуу түрдө эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсыл аймагында өткөрүлүп келүүдө. Б.а., аталган ыр майрам буга чейин Казакстан, Түркмөнстан, Украина, Кипр, Македония, Франция жана Азербайжан өңдүү өлкөлөрдө белгиленген болсо, быйыл анын тогузунчусу Косовону багындырып олтурат. Мен биринчи жолу бул ыр кечеге 2005-жылы расмий чакыруу алгам. Ал кезде Крымда өткөн болчу. Мына ошондон бери такай катышып келатам.
– Бул жолку ыр майрам кандай деңгээлде өттү?
– Абдан жогорку деңгээлде өттү. Үч күнгө созулган ыр кечеге 22 өлкөдөн 60 га чукул акын катышты. Өзгөлөрдү билбейм, бирок мага бул жылкы ыр майрам өзгөчө таасир калтырды. Эмнегедир мен үчүн бөтөн дүйнөнүн сырдуу каалгасы ачылгандай болду. Жаңы көз караш, жаңы түшүнүктөрдү олжолоп, жаңы чыгармаларды жаратчу жагымдуу ой-максаттарды канжыгага бөктөрүп келдим.
– Бөтөн дүйнөнүн каалгасын ачтым деп акындардын ырларын айтып жатасызбы же ыр майрам өткөн Косово тууралуубу?
– Экөө тең бар ичинде. Акындар демекчи, ал жерге келген ар бир калемгердин жалындуу ырларын тыңдап, жагымдуу китептерин "тырмап”, алар менен өз ара пикир алышкан адам сөзсүз түрдө жаңы нерселерге кабылбай койбойт. Анткени ар бир акын өзүнчө дүйнө. Анан да ал жерге көбүнесе өз өлкөсүнө таанымал, мыкты акындар чакырылат. Алардын дүйнөсү менен таанышып чыккандан кийин мончого киргендей жеңилдеп каласың. Күнүмдүк көр оокаттан убактылуу кол үзүп, аз да болсо арууланып аласың. Экинчиден, майрам өткөн аймак да абдан маанилүү. Себеби кеченин коноктору туризм тармагында иштеген адистердин коштоосунда шаар аралап, тарыхый, маданий жана туристтик жайларды кыдырышат. Мурда күбө болбогон таптакыр башка ааламдын астанасын атташат.
– Сөзүңүзгө караганда, Косоводон "космоско” учуп алып, анан кайра жерге түшкүңүз келбей кыйналып турган окшойсуз?
– Туура айтасың.
– Демейдегидей эле ыр кечеде жеңүүчүлөр аныкталып, байгелүү орундар ыйгарылгандыр?
Жок. Ал жерде эч кандай мелдеш болбойт. Кечеге келген акындар өздөрүнүн ырларын окуп, өз өлкөсүндөгү адабий процесс тууралуу маалымат беришет. Андан сырткары эки жылда бир мертебе өтчү бул ыр кече түрк дүйнөсүнө белгилүү кайсыл бир акын-жазуучунун жаркын элесине арналгандыктан, ошол калемгердин чыгармачылыгы боюнча кенен-кесири сөз болот. Маселен, быйылкы ыр кече Түркиянын Мамлекеттик Гимнин жазган белгилүү акын Мехмет Акиф Эрсойдун чыгармачылыгына багышталды.
– Ал жерде окулчу ырларга тематикалык чектөө коюлбаса керек?
– Жок, эч кандай тематикалык чектөө же цензура деген нерсе болбойт. Ар ким жүрөгүнө жакын, өзүнө жаккан ырын өз эне тилинде көркөм окуп берет.
– Ар ким өз эне тилинде ыр окуса, анда бири-бирин кантип түшүнүшөт?
– Акындар үчүн тил эмес, дил маанилүү. Ошондуктан окуган ырларыбыз аркылуу бири-бирибизди эң сонун түшүнөбүз. Айрыкча ал жерге тектеш түрк тилдүү акындар чакырылгандыктан, тил маселеси анчейин кыйынчылык жаратпайт. Түрк тилин билгендигим үчүн көбүнчө коңшулаш өлкөдөн келген акындар мени тилмеч кылып алышат.
Алиса Сапарбекова