Шейшемби, 19.03.2024, 10:43 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Жеке [6]
Жалпы
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

ЖАҢЫЛЫКТАР


 

Ж. Сатыбалдиев Салажан Жигитовдун китебин чыгарууга акча бөлдүрмөй болду

18.01.2013 | «24.kg» MA 

            Олжобай ШАКИРБишкек

 

Бул туурасында «24.kg» агенттигине «Салижан Жигитовдун сабактары» аттуу китептин түзүүчүсү, белгилүү публицист жана Жигитовдун шакирти Алым Токтомушев маалымдады.

Айтымында, аталган китеп белгилүү окумуштуу, адабиятчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун мезгилдүү басмасөз беттеринде жарыяланып келген интервьюларынын негизинде түзүлгөн. «Бул китеп коомубузду прогресс жолунда өнүгүүгө үндөгөн устатымдын жаркын ойлорунан турат. Салижан Жигитов ар дайым элибизди жалган түшүнүктөн арылып, өзүнө сын көз менен кароого үйрөтүп келген инсан. Ал кыргыз интеллигенциясынын арасынан алдыга суурулуп чыккан улут абийири саналган жалгыз адам десек да болот. Анын бул китепке кирген интервьюлары бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Себеби коомубуздун өнүгүү аң-сезими али артта».

Китепти чыгаруу демилгесин көтөргөн өкмөт башчынын кеңешчиси, белгилүү жазуучу-драматург Султан Раев экенин кошумчалай кетти.

Эскертсек, Алым Токтомушев Салижан Жигитовдун курч мүнөздөгү интервьюларын эң көп уюштурган кесиптештерибиздин бири. О.э. өткөн жылдын соңундагы Мелис Эшимканов атындагы сыйлыктын эң алгачкы лауреаты.

 

 

 

Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Март 2024  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Архив
Өнөктөштөр