Бейшемби, 25.04.2024, 00:13 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
Мои файлы [11]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

МАЕКТЕР


Башкы бет» Файлдар» » Мои файлы

"ӨЗҮМДҮ ИЗДЕП ЖҮРӨМ..."
[ ] 14.08.2012, 00:52

 Ата Журтка, эне тилге болгон сүйүүсүн, күйүтүн курч ырлары аркылуу каңырык түтөтө айтып, жазып келаткан жаш акын Алтынбек ИСМАИЛОВДУ кепке тарттык.

19-июль, 2012-ж., "Арена KG” гезити

 — Сизди көпчүлүк "Таш күзгү" аттуу китебинизден улам билет. Дегеле, жүрөгүңүздү түйшөлтүп, көңүлүңүздү канаткан сезимдер менен  мекенге, эне тилге арналган ырларыңыздын  эл-жерге берген таасирин байкай алдыңызбы?

— Чындыгында «Таш күзгү»  өтүмдүү китеп болду. Башкача айтканда, 2008-жылы басмадан чыгаары менен калктын калың катмарын жөө тумандай аралап кетти. Анан көп өтпөй окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан экинчи басылышын жарыяласам, ал да сыясы кургай элегинде түгөнүп калды. Эми кудай буюрса, ушул жылдын аягына дейре үчүнчү басылышы жарык көрүп калар. Себеби издеп келгендер аябай көп. Жадагалса өзүмдө да калбай калыптыр. Анан да кээде жумуш боюнча калк аралап, ар кайсыл аймакта жүргөн кезде бейтааныш адамдар алдыман тосуп чыгып, «биз сени тааныйбыз, сенин мына бул ырларың бизге аябай жагат» деп кээ бир саптарымды жатка айтып жиберишет. 

— Акындыктын азабы эмнеде?

— Биринчиден, акындык өнөр сатып алчу буюм же уурдап алчу тыйын эмес. Ал адам баласына атанын каны, эненин сүтү менен келчү шыбага. Эгер чындап ушул шыбага сага тийген болсо, анда сен биресе бактылуу, биресе бактысыз инсансың... Түшүнгөн кишиге акындыктын азабынан өткөн азап жок. Себеби ар бир жазган жаңы чыгармаң аркылуу сен өлүп, кайра баштан төрөлүп турушуң керек. Жаз келгенде эски терисин таштап кеткен жыландар сыяктуу акындар да ар дайым эски түшүнүк, эски көз караштан, эскиче ыкма, эскиче жазуу манерасынан арылып, улам жаңыланып, жашарып турбаса марага жетпей ара жолдо калат. Ошон үчүн акындыктын азабын акындар гана билет, акындар гана түшүнөт. Өткөндө бир журналист маектешип жатып: «Балдарыңыз акын болууну самаса, каршы чыкпайсызбы?»,-деп сурайт. Мен ага кыска-нуска мындай деп жооп бердим:

Жетет менин акын болуп калганым,

Жетет менин алоолонуп жанганым.

Апендинин турмушуна кызыкпай,

Аким болсун деп тилеймин балдарым! 

— Устатыныз болгон кыргыздын генийи Салижан Жигитовдун назарына кандайча илинип калдыныз? Анткени, мындай бакыт ар кимдин эле маңдайына жазылган эмес да. Ал кишини да эскере кетсениз?

— Жер бетинде өтө сейрек кездешкен мээр чөп сыяктуу бир кылымда бир жаралчу таланттар болот. Мына ушундай жүрөгүндө деми, жүлүнгө жетер кеби бар залкар инсандардын бири маркум Салижан Жигитов экендигин эч ким танбас. Бул кишини мен эс тарткандан бери билем. Башкача айтканда, Салижан агай экөөбүз бир айылдан болгондуктан ал адам жөнүндө эң оболу таенемден уккан элем. Анткени мени тарбиялап өстүргөн таенем Батма Салижан Жигитовго тамга тааныткан анын биринчи мугалими болгон экен. Кийинчерээк гезит-китептерден агайдын оригиналдуу ыр-котормолорун, кынтыксыз иштелген сын-макалаларын, бүйүр кызыткан маек-интервьюларын окуп, ага тартыла баштадым. Анан лицейди аяктап, ошол кезде Салижан Жигитов Ал киши мени камырдай ийлеп, казанга салып кайнатты. Устатыбыз каза болгондо каңырык түтөп, мамындай саптарды жазган элем:эмгектенген Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өтүп, аталган окуу жайда окуп калдым. Мына ошол күндөн тартып Салижан агайдын колунда тарбияландым.

Чындык үчүн кылыч болуп чабылган,

Чарт үзүлүп жерге түштү чагылган.

Кетти бүгүн о дүйнөгө бир гений,

Кыргыз, кыргыз, кыргызым деп чаңырган!!! 

окуп жүргөндө Бишкекке келип залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугушканыңыз, кең сахнада ыр окуп ал кишини жашытканыңыз эч эсиңизден кетпесе керек?лицейде— Айтмакчы,

  Туура айтасыз. Өмүр бою эч эсиңден кетпеген окуялар көп эле болот. Бирок ошолордун ичинен өзгөчө жүрөгүңдүн түпкүрүнөн орун алгандары саналуу гана. Албетте Чыңгыз Айтматов менен алгач жолугушкан учур дале көз алдымда тасмадай тартылып турат. Ал кезде Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк «Сема» лицейинде 11-класта окучумун. Адабият сабагын ушунчалык дилгирленип жантыгыман жата калып окугандыктан, дилбаяндарды көбүнчө ыр менен жазчумун.  Муну адабиятчылар поэма-дилбаян деп коюшат. Айтор, Айтматовдун чыгармаларын ушунчалык берилүү, сугалактык менен кызыгып окугандыгым үчүн жазуучунун «Бетме-бет» менен «Делбиримин» кайра баштан ыр менен жазып чыктым. Кыргыз тили жана адабияты сабагынан дарс окуган устат-окутуучум Аширгүл Токтоматова деген сүйүктүү эжейибиз мага айтпастан «Делбирим» деп аталган поэма-дилбаянды «ZAMAN Кыргызстан» газетасынын редакциясына жөнөтүп жибериптир. Көп өтпөй аталган поэма-дилбаян менин кыскача өмүр баян жана сүрөтүм менен бирге гезитке жарыяланды. Ал гезит Белгиядан Бишкекке 2 жумага эс алууга келген залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзүнө илиниптир. Кыязы ал кишиге  жаккан го, себеби мен окуган лицейдин жетекчилигине кайрылып, "ушул поэма-дилбаянды жазган баланы мага жолуктургула” деп айтыптыр. Мындай мүмкүнчүлүктү таппай турган окуу жайдын чоңдору эртеси эле мени учакка олтургузуп Бишкекке учурушту. Чындыгында үч уктаса түшкө киргис бул окуя мени кыйла апкаарытып койду. Эки-үч күн өңүмбү же түшүмбү деп өзүмө-өзүм ишене албай жүрдүм. Ошентип Бишкектеги Кыргыз-Түрк уландар лицейинде Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу болду. Мага кезек келгенде аталган лицейдин кең сахнасына чыгып, баягы "Делбиримге” арналган поэма-дилбаянды берилүү менен баштан аяк көркөм окудум. Аягына чыккан соң акырын башымды өйдө көтөрүп алдыңкы катарда олтурган Чыңгыз Айтматовго көз кырымды салсам, залкар жазуучу кадимкидей жашып атыптыр. Анан  көздөрүнөн куюлган жашты сөөмөйү менен акырын аарчып, күтүүсүздөн ордунан турду да мени көздөй кадам таштады. Экөөбүз сахнанын тепкичинен кездештик. Мени бекем бооруна кысып, маңдайымдан өптү да: "Баракелде, уулум, өркөнүң өссүн” деп чынар теректей алибеттүү денеси менен бир топко дейре кучактап турду. Эки кулагым чуулдап, чабылган алакандардын залды жарган дабышын биресе угуп, биресе укпай дендароо болуп турдум... Эртеси гезиттерге ошол жолугушууну чагылдырган эки-үч сүрөт менен бирге "Жазуучуну жашыткан Алтынбек” деген аталыштагы материалдар басылды.

— Ырларыңызды электрондук вариантында элге жеткирүү, сайт ачуу  идеясына кандайча жаралды?

 

      Бул эми заман талабына жараша пайда болгон идея. Себеби жылдан-жылга интернет бүткүл жер шарын жөргөмүштүн желесиндей чырмап баратпайбы. Демек биз да өзгөлөрдөн артта калбай алдыга умтулуп жашашыбыз керек. Тилекке каршы, биздин көпчүлүк калемгерлерибиз, айрыкча улуу муундун өкүлдөрү интернет теген түшүнүктөн артта калбадыбы. Албетте бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан жаңыча ойлонгон, технологиянын тишин чаккан жаштарга муктажбыз. Айрыкча жаш калемгерлер ушул боштукту толтуруп, интернетти натыйжалуу пайдаланууга тийиш. Анткени улам барган сайын кагаз китептер артка сүрүлүп, электрондук китепчелер менен интернет баракчалар башкы орунга чыгып баратканы жашыруун эмес. Демек ушулардын баары сайт ачууга негиз болду деп айтар элем. Кудайга шүгүр, менин жана башка кыргыз калемгерлеринин китептерине жете албай суусап жүргөн окурмандар ушул сайт аркылуу чаңкоолорун кандырып жатышат. Сайттын дареги: www.altynbek.ucoz.com

— Түрк поэзиясын кандайча кыргызча сүйлөтө баштагансыз?

      Буга устатым Салижан Жигитов себепкер болгон. Мындайча айтка, Кыргыз-Түрк "Манас” университетин аяктап жатып дипломдук из жазууга кириштим. Илимий жетекчим С. Жигитов. Ал кишиге барып, тема издеп атканымды айтсам, XIII кылымда жашаган белгилүү түрк акыны Юнус Эмрени сунуштады. Мен дароо макул болуп, ишке кириштим. Оболу акындын айрым ырларын кыргыз тилине которуп, андан соң талдадым. Анан өмүр баяны менен чыгармачылык жолун жаздым. Айтор, бир жылдык эмгектин акыбети кайтып, диплом даяр болду. Эмгек жетекчиме жана башка комииссия мүчөлөрүнө аябай жакты. Корголгон соң китеп кылып чыгаруумду өтүнүштү. Көп өтпөй өзүнөн-өзү демөөрчү табылып, 2005-жылы "Бийиктик” басмасынан "Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре” деген китеп 1000 нуска менен жарык көрдү. Адабий чөйрө жылуу кабыл алып, окурмандар жакшы пикирлерди айта башташты. Үч айга жетпей китеп толук сатылып кетти. Көп өтпөй Түркияга акындардын эл аралык поэзия кечесине чакыруу келди. Ошол чакыруудан кийин мен үчүн түрк дүйнөсүнүн чоң каалгасы ачылды окшойт.

Ушул акындын ырларында катылган кандай сырды байкадыңыз?— Албетте, Юнус Эмренин ырларын которуу менен кыргыз адабиятына дагы бир жаңылык киргиздиңиз.

       Бул акындын ырлары мазмунунун тереңдиги, масштабынын кенендиги, саптарынын жөнөкөйлүгү жана карапайым калкка жакындыгы менен окурманды өзүнө тартып турат. Маселен:

Сүйүлөлү, сүйөлү,

Сенек иштер жеңилдейт.

Эч бир жанга бул дүйнө

                                  Энчиленип берилбейт, - деген төрт сап ырдын өзүндө ат көтөргүс ой жатканын өзүңүз деле байкаган чыгарсыз...

— Мевлана Желалледдин Руминин ырларын которуп бүттүңүзбү?

    Жок. Бул акындын ырлары дүпүйгөн чынар терек болсо, менин котормом анын кичинекей бир бутагына тете жумуш. Жалпы жонунан ал акындын көлөмдүү беш жыйнагы бар. Алардын ар бири сайдын ташындай салмакка барабар. Өзгөчө даанышмандын даңкын чыгарган  "Месневи” деген эмгеги 6 томдон турат. Мен ошол жыйнакка кирген ырларды иргеп, тишим өткөндөрүн кыргызчалап жатам. Буюрса, жыл аягына дейре Мевлананын өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана ырларынын кыргызча котормосун камтыган чакан китеп чыгарсамбы деп турам.

унуз боюнча түрктөр тарабынан кандай ой-пикирлер айтылууда? — Көптөгөн чет элдик, анын ичинде түрктөрдүн фестивалдарына, сынак, жыйындарына   катышып жүрөсүз. Котормолор

        Бул котормолорду кыргыз окурмандары кандай жылуу кабыл алса, түрк туугандар да дал ошондой сүймөнчүлүк менен кабыл алышты.

   — Жашоонун чындыгы эмнеде экендигин биле алдыңызбы?

   Ал сенин өзүңдө, өзөгүңдө жатат. Тилекке каршы, биз аны тааладан издейбиз. Качан гана сен өзүңдү тапканда жашоонун чындыгы эмнеде экендигин билесиң. Ошол себептүү учурда мен өзүмдү издеп жүрөм. Бирок толук таба элекмин. Башкача айтканда:

Удургуп түркүн ойлор каптайт улам,

Ушундай кең ааламга батпай турам.

Жанымды камыр кылып ийлесем да,

Жарыктык, мен өзүмдү таппай турам! 

— Жакшы акын болуунун сыры эмнеде?                                                             

 Кайсыл бир жазуучунун: "Жакшы самолёт жакшы учат” деп айтканы бар. Анын сыңарындай, жакшы акын болуу үчүн жакшы акын болуп төрөлүш керек.

Маектешкен Нурайым РЫСМАМБЕТОВА 

 

 

 

 

 

 

   

  

 

Категория: Мои файлы| Кошкол: altynbek| Тегдер:
Көрүүлөр: 4447 | Жүктөө: 0 | Деңгээл: 5.0/2 |
Бардык билдирүүлөр: 0
 
Катталгандар гана билдирүү жаза алышат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Өнөктөштөр