Жаз жыты
Желге
ыргалат бак башында калдырап.
Былтыркыдан
калган сары жалбырак,
Жаш балага мээрим төккөн
энедей,
Күн
төбөдөн тийип турат
жаркырап.
Делебесин
козгоп жап жаш акындын,
Жыты
келет кыз себинген атырдын.
Кышкы кардын саркындысы тамчылар,
Тып-тып тамат кобулунан чатырдын.
Жаз төрөлүп
сапар тартты кыш карып,
Көңүл
толкуйт жаз көркүнө
суктанып.
Күн күркүрөп
жамгыр төгүп өттү
эле,
Көчө калды
жаз жамгыры жыттанып.
Жамгырдан
соң көктө карайт күн күлүп,
Тал
ыргалат тамчыларды силкинип.
Сүйүүдөн да жаз жытына
мас болуп,
Бак
аралап бара жатат кыз-жигит.
Эмнегедир
эки ашык жай барат.
Эркелетип
өткүн өтөт майдалап.
Кызгандырат
салкын шамал жигитти
Кылыктанган
кыз саамайын аймалап.
Чыгып
кыштын калган каткан апкыты,
Кучкач
келген эрте жаздын жарчысы.
Аңкып
турат ар тараптан буруксуп,
Эч
бир жытка окшобогон жаз жыты.
Кеч күздөгү сулуулар
Күз жели айланчыктайт бийкечтерди,
Айталбай жигит өңдүү өтүнөрүн.
Кармалап кофтасында түймөктөрдү,
Тумчулап коет сулуу көкүрөгүн.
Бадалга бүткөн өңдүү кызмат кылып,
Бариктер бутактардан төгүлүшөт.
Пальточон кыздар мойнун кыйгач буруп,
Ан сайын сулуу, сырдуу көрүнүшөт.
Чиесин чечким келип түйндөрдүн,
Олтургум келет кызга жакынырак.
Анткени күзгү жылуу кийимдердин,
Ичинде жылуу сезим жашырынат.