Мен кыргызмын
Кылымдардын көргөн неченин,
Кыргыз жерим улук мекеним.
Баркың бийик, улуктугуңа,
Башымды ийип, таазим этемин.
Кыргыз элим ыйык урааным,
Кыйналганда колдоо сураарым.
Атың улук элсиң байыркы,
Атагыңа кулдук урамын.
Кубат берип турган кан жанга,
Эл-жер кымбат болоор ар жанга.
Кубанычта дайым жүрөмүн,
Кыргыз болуп туулуп калганга.
Кыргызмын деп сыймыктанамын,
Кыргызым деп эргийт каламым.
Урпагымын улуу элдин мен,
Учун улаар ата-бабанын.
Толук кызга
Көргөн көзгө жөнөкөй да, жупуну,
Көйрөң ойлор ким сүйөт деп ушуну.
Бирок чиркин, мүнөзү бар жибектей,
Бир көргөндү көксөттүргөн утуру.
Жандай бассаң тоонун гүлү жыттанат,
Жалган дүйнө унутулуп бүт калат.
Дегдеңдетип үмүт сага жетелейт,
Деген өңдүү “ушул кызга ыкта бат!”
Ээликтирип дегдеп сени көңүлүм,
Эх, тоолук кыз эмне мынча эридим?!
Арбап алды, анык айтсам карындаш,
Аруу, таза тоо суусундай пейилиң!