Бейшемби, 25.04.2024, 14:49 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 6 » Мирлан САМЫЙКОЖО
Мирлан САМЫЙКОЖО
13:38

     Манас Ата арбагын коргогула

 

Тагдырыбыз тайбасын шатысынан,
Талкаланып калбасын капысынан.
Тартуу кылган таалайлуу бул күндөрдө,
Жол баштайлы бийиктик жапысынан.

Жоргобуз,биз жашоонун жолдорунда,
Жаман эмес жакшылык ойлорумда.
Жакынга эмес алыска сапарыбыз,
Жерде эмес намысым колдорумда.

Кыргыз деген ысым бар жүрөгүмдө,
Жашап келет ырымдын түрмөгүндө.
Атым сатып кош жүздүү болгум келбейт,
Акчыланып өзгөнүн түнөгүндө.

Сатпагыла суранам жериңерди,
Сактагыла Ак калпак элиңерди!
Сайып берем башымды кыргыз үчүн,
Салтты сатпай саткыла теңиңерди.

Сатылбаймын кабатыр болбогула,
Каным кыргыз ошону ойлогула.
Болот кылыч мизине моюбаган,
Накта кыргыз уулдарын колдогула.

Нарктуу элдин намысын бекем кармап,
Манас Ата арбагын колдогула.

 

               Түркүн ойлор

 

Ар түркүн ойлор келет башым туман,
Ай,Күндүн кол алдында мен да турам.
Ааламга бир гүл десте бербесем да,
Алып кой,белек кылып ырым сунам.

Аллага ыраазымын жаратканга,
Алгалап өмүр өтүп баратканга.
Аярлуу өмүр өтүп баратканга,
Ак бойдон өтпөйбүз го барчу жайга.

Шарият сөздөрүнөн айтып молдо,
Шуурусун санап бирден алып колго.
Шаарга окшоп от периси шайтан менен,
Шашылып кетти жаштар,жаман жолго.

Болсо да алакандай кыргыз калкы,
Бозого тоюп алып бузуп салтты.
Боз улан башын мыкчып жерде жатат,
Бооруна мынча неге балта?!

Кары да калыс сөздөн тайып келет,
Как жарбай кара кылды кыйгач кесет.
Калжаңдап кайра кемпир аламын деп,
Көрсөтүп жаш кыздарды колун кесеп...

Апалар ак сүтүнөн кечип келет,
Балдарын таштап коюп безип келет.
Береке мээрими жок жүрөгүндө,
Боору таш энелер да болот демек.

Бах чиркин,бул жашоону жалган дешет,
Баарлыгын таразалап Алла чечет.
Баарына күбөмүн деп ажы,молдо.
Баш ийип бир Кудайга таазим этет.

 

Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 1945 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр