Чаңгеттин чабандеси
Аян кылды Теңирим мага сырды,
Оо устаттар, суутуп бер атымды.
Жылкычы уулу болгон соң, чабам бүгүн,
Кентаврды, а түгүл Пегасыңды.
Кана, достор, калдайып турбагыла,
Ач айкырык, :калпакты булгагыла.
Эски адатты таштайлы. Менин муунум,
Тулпарымды туякка урбагыла!
Жаным кыздар, жалжылдап күлө-күлө,
Жалгыз аттын дүбүртүн сүрөгүлө.
Чаап баратып чалмамды салып өтөм,
Жүгөндөтпөй туйлаган жүрөгүңө.
Оонаганы журтуна чоң атамын,
Күт Чаңгетим күч үрөп баратамын.
Кайып болуп кетээрде ат жалынан,
Ата-Журттун намысын талашамын.
Мээнет кылып атамды багам дечү,
Мезгил жетсе чындыкты чабам дечү.
Туулган жери туйлатып Парнас көздөй,
Тизгин какты Чаңгеттин чабандеси!
Эх, атаман кара кыз
Көрсө ал кезде балабыз да, балабыз,
Көч-көч ойноп Көбүргөнгө барабыз.
Биздин көчтү бир муштумдап башкарчу,
Сен атаман, сексеңдеген кара кыз.
Эх, ошондо, ойноокпуз да, ойноокпуз,
Кеч бешимде келин алмай ойноппуз.
Сен төрөйсүң, ата болом, а бирок,
Баëлук ай, бир өбүшүп койбоппуз...
Кара кызым, сексеңдегим – атаман,
Кайда калган сен алчу күн жакадан.
Сага окшош деп, мага окшош деп жүрчү элек,
Балдар кайда, биз эринбей жасаган?
Бүгүн сени сагынам оо, сагынам,
Же кара кыз агардыңбы багыңан?
А мен жүрөм үмүт үзбөй жол карап,
Бетимдеги тырмагыңдын тагынан...