Жума, 26.04.2024, 12:05 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Куштарбек КИМСАНОВ
Куштарбек КИМСАНОВ
15:51

                    Рубаилер

 

                          ***

Жакындатпайм шарап жытын мурунга,

Жакындабайм өзүм да ошол зулумга.

Терс жактарын айтып бүтүү узун кеп,

Пайдасы анын арзыбайт бир тыйынга.

 

                           ***

О дүйнөгө ой жүгүртсөм алсырап,

Бейиш менен тозок бар деп айтылат.

Кээ бир кылган күнөөлөрүм эстесем,

Тозок көзгө тасма болуп тартылат.

 

                           ***

Ааламына сүңгүп барып кыялдын,

Адаммын деп айтуудан да уялдым.

Анткени мен адамдарга пайдалуу,

Айтууга арзыр кандай эмгек кыла алдым?

 

                           ***

Биз өмүргө бир гана ирет келебиз,

Өтүп мезгил бекийт чымга денебиз.

Жер жүзүнө батпай калсак керек ээ,

Келип анан кетпес болсок эгер биз?

 

 

                           ***

Бир кишини кеп-сөз кылып олтурдук,

Көңүлдөрдү өкүнүчтү толтурдук.

Ооруп жаткан энесине карабай,

Кайын журтка тойго кетти, ой, шумдук!

 

 

Категория: ЖАШ МУУН| Көрүүлөр: 1747 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр