***
Ак талаа анда... мезгилди өткөм аралап,
Мамыры гүлдөр, мамыры гүлдөр өсчү эле.
Үйдөгү чырак уйкума болуп сапарлаш,
Үлпүлдөп барып акырын гана өччү эле.
Талаалар сенде атамдын үнү сакталуу,
Көйнөгүм бурап шамалдар акчу токтобой.
Мээримсиз күндүн колдору сылап маңдайым,
Жоготком сизди жоктобойм аны жоктобойм.
Мен тигер гүлдү, мен төгөр жашты күтпөгүн,
Сүйүүм бар анда бейитиң турган кучактап.
Мамыры баскан тоолордон кайткан бакытым,
Барайын ата, көз салып турат узакта.
Сен гана сез!
Сен гана сез! Мен бактылуу экеним,
Ый-күлкүмдүн өзүң алгын эсебин.
Токтогончо жүрөгүмдүн согушу,
Жүрөк менен сага таазим этемин.
Сен гана сез! Сагынычты гүл ачкан,
Сен таанычу жыпар жытын бур аткан.
Калкып келип канат жайды бул күн да,
Сезимимден сенин ысмың сураткан.
Сен гана сез! Менде мээрим бардыгын,
Кыялымда кош болорун жаздыгым.
Бир саатымды отуз күнгө татытып,
Билгим келбейт мен өмүрдүн аздыгын.
Сен гана сез! Мен бактымды тапканым,
Сен жөнүндө аалам мага айтканын.
Жаркыраган жалгыз Чолпон жылдыздан,
Көзү жайнап толуп турат асманым.