Бейшемби, 25.04.2024, 12:11 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Олжобой ШАКИР
Олжобой ШАКИР
16:30

                      ӨКҮТ

Арбын түшкөн жемишинен түбү көң

арааласам карт даракты түбүнөн

асман бетин чийип барып кулады

жүрөк "селт” деп аянычтуу үнүнөн.


Жерге тийип качыраган бутактар

бутак эмес, жер таянган кучактай…

тирүү жанча үн чыгарып акыркы

жүрөгүмдү тилип өттү бычактай.

 

Жемишин жеп жүрдүм канча мактап да

акырында ушул эле максаттай,

карап турдум кулап жаткан даракты

бир өмүрдү кыйып салган акмактай.

               30-сентябрь, 2009-ж.

 

                  ПАСТЕРНАКЧА

Түш экен баары. Күз экен алтын сапсары.

Курбулар менен шарактап күлүп саптагы…

билектен алып жетелеп жүрөм өзүңдү

асманда шаңшыр акшумкар сымал таптагы.

Сапсары талаа жалбырак жалаң көмүлүп,

сабынан топтун экөөбүз алыс бөлүнүп…

 жадырап турдуң, жароокер жаным  маңдайда

жайылган чачың колумда тал-тал өрүлүп.

 

Мөңгүдөн алыс жапсардын аңыз өрүндө

курбулар биздин кеп салат арзуу жөнүндө:

«Гүлзарын төккөн бейиштей жерде бетме-бет

кезикти — дешип, — дартызар экөө өмүрдө.

Эзилет шакта аярлап желден терип жээр

эрдиңдей кызыл бүртүйүп бышкан жемиштер.

Ажайып андай жер жоктур жердин үстүндө

айлансын андан керемет деген бейиштер.

Жорудум түштү: кезикпес жанбыз оболу.

түштөгү көргөн о андай күнүм болобу.

Түш эмес билем, бейиштен сага кезикпейм,

 бейишиң эмне, ал диндин жалган жомогу.

                                 30-сентябрь, 2007-ж.

                 

Шардай көңдөй эл Эгемендиги

 

Эгер эсти калчасак: Эгемендик

эркиндигин алдык деп неге келдик?

Эгемендик жылдары элди турмуш

эзди канча! Эх кандай тебелендик!

 

Шар көтөрүп тарсайып үйлөтүлгөн,

шаңдуу ураан жаңырттык үйрөтүлгөн.

Шардай жеңил, шардай бош курган элди

шамал-куюн айдады Чүй бетине. 

 

Чүй, Бишкекте тирилик таппаганы

тентти туш-туш: жанды эптеп сактаганы.

Айран, кымыз соодалап көнбөгөн эл

абийир, намыс не калды сатпаганы! 

 

Тарыхтагы тукуму кыраандардын,

так талашы токтобой «чыгаандардын»

талап-тоноп кайран эл ырыскыңды

тагдырына туш кылды цыгандардын.  

 

Туулган жерге кул болуп көбү келбей,

туш-туш жакта кыргыздар өлүп-өлбөй,

турмуш кечкен кыздарың Москвада

тууп саалууда көчөдө лөлүлөрдөй!

 

Аттиң, алоо өрт турат өзөгүмдө:

Атажурттан алыста аза-муңда

бейиш жерден жыргабай мекендештер

бөтөн жердин жүрүшөт тозогунда!

 

Куру сүрөөн курусун азаттыгың:

«кул» деп турса биртууган казак бүгүн!

Таап келген жук болбой карызыбыз

тартып жатсак турмуштун азап жүгүн.

 

Тентип туш-туш ар кимге жемелендик,

тезек сымал чачылдык, себелендик.

Улутту да камгактай удургутаар

Урдум ушул болсо эгер эгемендик! 

 

Эгемен доор келди дээр калкым мына:

ээлеп ар дин о улук салтыңды да, 

коңшу элдерге чегараң тебеленип

коргой албай турасың баркыңды да! 

 

Үзөңгү-Кууш, Каркыра бекер өңдүү

устакандай тартылып кете берди!

Кайтып келгис ажоолор кылчактатып

кароолдогу кайберен текелерди...

 

Кудай берген байлыгың тебеленип,

Кумтөрүңө кузгундай тегеренип,

ээлик кылган башкалар. Эми кара

эшик аттап кытай, түрк келе берип... 

 

Көзкаранды өлкөбүз көрүнгөнгө,

арданбаган абийри төгүлгөнгө.

Көөдөн кагып кайсыга мактанабыз

көөнө кыргыз карызга көмүлгөндө.

 

Мас бийликте төбөлдөр! Не каталык?

Мамилеге жарабай теңаталык,

кол куушуруп турушат коңшуларга

Мамлекетиң мородер деп аталып...

 

Шар тарсайып үстүндө шаарыбыздын,

шардай көңдөй көкүрөк баарыбыздын! 

 

                                  30-август, 2012-жыл.

 


Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1350 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр