Жума, 19.04.2024, 12:46 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
16:32

      Доорлорго киргим келет

 

Элди сүйгөн, жерди сүйгөн көкүрөк,

Анын отун кайсы жамгыр өчүрөт.

Акын сөзүн шамал ташып кылымдап,

Жүрөктөрдөн жүрөктөргө көчүрөт.

 

Тоо-таш басып, чөлдү кезип, кыр менен,

Сен, адамзат, жол жүрүпсүң миңдеген.

Шаарларга кербен кирип келгендей,

Доорлорго киргим келет ыр менен...

 

                  Ыр мурас

 

Ыр таптым, бирок дүйнө таба албадым,

Ыр тапкан көңүлүмдү тана албадым.

Көз жеткен бийиктикке кол сунбадым,

А жеткен бийигимде кала албадым.

 

Ыр таптым, бирок байлык таба албадым,

Ыр тапкан тагдырымды тана албадым.

Шамалдай, күндөй, суудай өмүр сүрүп,

Ыры жок сарайларга камалбадым.

 

Алыскы айылдагы бала кезден,

Мен өткөн ашуулардан, Алабелден.

Калтырар мурасым да ырым болмок,

Ырым бул досум сага ала келген.

 

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1359 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр