Отуз беш жаш
Кышың – кыял,
Жазың – жалган, күз – күмөн...
Кылым, сенин кыйырың тиктеп үргүлөйм,
Ойдо жокто келип калган меймандай,
35 жаш!..
Сен баш бактың күзгүдөн.
– Ассолоом?! – дейм,
Карбаластап дос сага.
Азгырык – күз, жаз, жай – шайыр, кыш – санаа.
Бир карасам: пайгамбардай карыпсың,
Бир карасам: бакыракай жаш бала.
35 жаш!..
Ойноп-күлдүк, ыйладык.
Дардес чакты шарап берип сыйладык.
Эми сенин дайыны жогуң кейитет,
Жазмышыңдан жан арданып, чыйралып.
35 жаш – Алыкулдун курагы,
Үстөлүмдө үнсүз күйөт чырагы.
Эргүүлөрдүн көөрүн төкпөй кагазга,
“Эх!” – Эрдимди кесе тиштейм ызалуу.
35 жаш – Чыңгыз алган баш байге,
Чындык, сүйүү чырак жаккан канча элге?!
А мен эми ат-жытым жок карайлап,
Кылдай эмнек кылбаптырмын эч нерсе.
Кечир мени, бир кем жашы Жоомарттын,
Кеңкелестей бетти жаман кызарттың.
Жаш кезимдей дале жайдак чапкым бар,
Жалын мыкчып, атырылган боз аттын!