Шаршемби, 24.04.2024, 05:18 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Жумадин КАДЫРОВ
Жумадин КАДЫРОВ
16:36

               Өкүт ыры

 

Сүйөм сени, сүйөм Күндөй көктөгү,

Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү.

Өөрчүп-өөрчүп улуу өрткө айланып,

Өмүрүмдүн гүлгүн кезин өрттөдү.

 

Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына,

Ардактасак жетээр болсок баркына.

Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой,

Экөөбүздөн качмак эмес бакты да.

 

Эми билдим сүйүүлөрдү таптаза,

Эзелтеден кайгы-капа баспаса,

Азыркыдан адамдар да бактылуу –

Азыркыдан дүйнө болмок башкача.

 

...Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе,

Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе,

Өтүнөрүм: абалымды түшүнүп,

Кайрыла көр, мен тирүүмдө кечикпе...

 

 

                          ***

Эсиме эпкин тийгендей жүрөм эндиреп,

Элесин анын эсиме сактап, энчилеп...

Эч качан мындай тагдырга жетмек эмесмин,

Эштпей койсом бир ооз бул кепти келжирек:

 

“Жүрөгүң тандап, жалынып, арбап сүйгөнгө,

Акылың болсо атайы эле үйлөнбө.

Сүйүүңдүн баркын сактайсың – ошол зор бакыт

Билесиң аны күйүткө жаның күйгөндө”.

 

...Күнү да түнү көз жашым көлдөп акты го,

Күйүтүм көктү көшөгө болуп жапты го.

Сүйгөнгө жетпей сүйүүңдү сактап калганча,

Сүйгөнгө жетип, сүйүүңдү булгоо – бакты го...

 

...Эшитпей калсам бир ооз бир кепти келжирек,

Жар кылып аны жашабайт белем элжиреп...

 

 

                            ***

Бир келет өмүр... Бактымды таппай күйөмбү?

Башканы дагы сенчелик арзып сүйөмбү?

Курулуп калган тагдырың менен ишим жок,

Качырып сени, кул кылгым келет күйөөңдү.

 

Тийбесин үчүн а бирок сага залалым,

Тынчтыгы үчүн тынчтыкка жетпес санаамдын.

Күйөөңдү жибер, өлтүрүп мени кеткенге,

Ачыгы: сенсиз жашоодон такыр тажадым.

 

 

 

 

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1662 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 5.0/1 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр