Жума, 26.04.2024, 19:56 Кош келиңиз! Конок | RSS
Ойгон!
Сайттын өзөгү
Бөлүмдүн категориясы
ЖАШ МУУН [15]
ОРТО МУУН [14]
УЛУУ МУУН [36]
Маектешүү
200
Сурамжылоо
Сайтка баа бериңиз
Бардык жооптор: 447
Статистика

Учурда сайтта отургандар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0

Кыргыз акындары


Башкы бет» 2009 » Июнь » 10 » Абдырахман АЛЫМБАЕВ
Абдырахман АЛЫМБАЕВ
16:38

             Туран жери

 

Сыр-Дарыя улуу тоодон башталат,

Суулар агат аскалардан чубалып,

Биз Турандан келатабыз байыркы,

Биз Туранга баратабыз уланып!

 

Бул аймакта кырк уруу эл жашаган,

Бир заманда ат ойнотуп алптары!

Бул жер түптөн ата журту Кыргыздын,

Бул Көк түптөн Огуздардын асманы!

 

Мобул талаа көчмөн элдер кылкылдап,

Мобул чөлдөр каршы-терши өткөн чөл.

Мына бул тоо – сыйынган тоо огуздар,

Мына бул Көл – жылдыз жайнап чөккөн көл...

 

Күн чачырап чыккан жерге жетчү эле,

Байыркы огуз элдеринин мекени.

Күн батышы Карпат менен чектелип

Индия эле, Иран эле этеги!

 

Канча баатыр бабалардын каны акты,

Ушул жерди коргоп жатып үрөлүп...

Туран биздин түпкү ата журтубуз!

Туран биздин мекенибиз түбөлүк!

 

Сыр-Дарыя Улуу Тоодон башталат,

Суулар агат аскалардан чубалып,

Биз Турандан келатабыз байыркы,

Биз Туранга баратабыз уланып!

Категория: ОРТО МУУН| Көрүүлөр: 1688 | Кошкон: altynbek| Теги: | Деңгээл: 0.0/0 |
Жалпы билдирүүлөр: 0
 
Катталган гана адамдар билдирүү кошо алат.
[ Каттоо | Кирүү ]
Кирүү формасы
Издөө
Календарь
«  Июнь 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив
Өнөктөштөр