Жаңылык
Жалгыз тамда жалгыз каалга жабылып,
Жаздыгыма баш койгондо жабыгып,
Жалбырагы тереземе чертилген
Жалгыз дарак – жаңылык.
Сары-Көлдө сар-санаага кабылып,
Санаалашты күткөнүмдө зарыгып,
Сайрап ийген тереземдин тушунан
Сары чымчык – жаңылык.
Дүйнө мага түйүнчөктөй тартылып,
Дербиш болуп сыртка чыгам ак уруп.
Дабышы жок, добушу жок, үнү жок
Дүлөй тынчтык – жаңылык.
Жатам кумда ак булутту жамынып,
Жан жагыма жылдыз түшөт жабылып.
Жаратылыш, табиятка жуурулуп,
Жалгыз калуу – жаңылык.