Кандай бакыт
“Апа, мама” дегениң кандай бакыт!
Боюм балкып боорума жаттым басып.
Эки мама меники, эрмегим деп
Чымчыганың жанымды магдыратып...
Уктап кетем магдырап, уктап кетем,
тартсаң дагы чачымдан уктай берем.
Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду,
көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең.
“Ба-а-бо-о” деген сөзүңдөн, балапаным,
Айды, Күндү өзүң деп караганым.
Ай менен Күн асманда көрүнбөсө,
Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың.