Өмүрзар
Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп,
Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү,
Жашайбыз дагы канча, ай, ким билет.
Бал сунуп, уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек – комуз калат ырлар менен...
Билгенге жалгыз чындык – ошол арман.
Датымды айткым келет теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен:
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.
Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат:
Берерим бир ууч гана боз топурак,
Алаарым бир ууч жана боз топурак...