Бүркүт
Аскалардын арасында уялап,
бороон, шамал, куюндарды тоготпой
эркин сызат падышасы бийиктин,
катарына башка кушту жолотпой.
Алла-таала кудуретин чектебей
күн менен жер арасында шаңшыды.
Бир энеден төрөлгөнбү көк менен,
өлбөй тирүү учуп калган тамчыбы?
Шукшурулган канаттарын табигат
жалаң гана эргүү үчүн бергенби?
Жазып-тайып билбесе экен тордогу
уялашын, мүнүшкөрдү, мергенди...
Колго түшсө канат, куйрук кесилип,
зым тор болот таңдан кечке көргөнү.
Тырмактары темир чапчып жешилип,
унутулат көк асманы, түнөгү.
Шаңшып барат өз аймагын кайтарып,
күүлөнгөнү не деген бир керемет!
Дүйнө анын карегинде чайпалып,
дүйнө - сулуу, дүйнө - таза, кеңирээк.
... Менин тентек, жаш жүрөгүм канатту,
Көк асманга бүткүт сымал талпынат.
Кайдан алган ушунчалык дымакты?!
Чекем тердеп, басат бойду калтырак...