Өзүмө өзүм
Алың аз туруп балбансып,
Аныңан мөрөй алгансып
Үч саптай ырын бирөөнүн
Жүз саптай ырга айлантып,
Жымыйткан болуп кээлерин,
Кээлерин бир аз ардантып...
Кыйытпай жүрсөң не болот?
Кыйратып өзүң салгансып.
Пародиялар
Көл жана мен
Жээгине түшүп келдим. Дилде сыңар
Асыл баа салыштыруу кумда чыгар.
Жатыптыр кум үстүндө магдырашып,
Даңкайган саны жоон ургачылар.
С. Жигитов
Ысык-Көл... Эстен кеткис элес-кыял,
Желбирейт көңүлүм да желек сыңар.
Аялдар шыңк-шыңк күлөт кумда жаткан,
А буга узун трусым себеп чыгар.
Алыстан араң жетсем кусаланып,
Не кылам болбос ишке ызаланып.
Дөң жерге чыгам дагы ургаачынын
Ар бирин карай берем бутага алып.
Бириси көктөмдөгү ак кайыңдай,
Тигиси... каз өрдөктүн басканындай.
Береги фигураны салыштырсам,
Кадимки гитаранын капкагындай.
Тыямын өзүмдү өзүм: “Туура танда!
Башыңды балакеттүү чууга салба!
Ажыкыс кебиңди айтып тийишпегин
Тетиги бука моюн, буура санга”.
Кыз-келин жайнайт гөзөл, көрөсөндүү,
Аларга кудай уруп теңешемби?
Акыры-ын жылып алып кетип калдым
Көрдүм да суу бетинен... көлөкөмдү.
Жаш акынга акыркы эскертүү
Ыр дегенге асылба, кагылайын,
Оңой оокат табам деп киришпегин.
Эмне керек жаныңды бөөдө кыйнап,
Андан көрө заводко кир, иштегин.
Ж. Абдыкалыков
Сөз ачыгын айтайын, садагасы,
Ыр дегениң – азаптын ана башы.
Кыйла акындын жүгү ооп, жолдо жатат,
Кыйч-куйч этет көбүнүн арабасы.
Катын-балаң бир билбейт кыйналганың,
Тилим алсаң – ыр үчүн ырбайганын.
Карт кекирип, бозо уулап жүрө бербей,
Көрбөйсүңбү мойнумдун сурнайдайын.
Кайра дагы кайталайм кагылайын,
Буйрусун де айран, сүт, сары майым.
Ыр дегенди мен деле таштайт элем,
Эсиң болсо, билерсиң ары жагын...
Кержеңдебей, тил алчаак бала болгун,
Коюң күтөт айылда бара койгун.
Алдымдагы ашыма орток кылбайм,
Ыр жазганды кыскасы мага койгун!